Мамлекеттик коопсуздук кызматкерлери президенттикке талапкер Садыр Жапаровду коштоп жүрөт деген маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.
Буга чейин Фейсбук тармагынын Кундуз Ажыбекова аттуу колдонуучу өлкөнүн аймактарын кыдырып, үгүт иштерин жүргүзүп жүргөн президенттикке талапкер Садыр Жапаровду коштоп жүргөндөрдүн сүрөттөрүн жарыялаган.
Ал “Эмне үчүн Садыр Жапаровду дагы деле мамлекттик коопсуздук кызматкерлери коштоп жүрөт? деп суроо салган.
Соцтармакта тараган сүрөттөрдө “Садыр президент” деген жазуусу бар чыптама кийген жигиттер Мамлекеттик күзөт кызматынын 9-башкармалыгынын кызматкерлери болушу мүмкүн экени айтылган.
Бул факт боюнча БШК 16-декабрда Башкы прокуратурага кабарлап, Ички иштер министрлигине маалымат берген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ