Биз Жогорку Кеңештин бир депутатын кармадык. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.
«Ал 8 жыл мурун чоң кылмыш жасагандыгы үчүн мамлекетке ири суммадагы акча төлөйт. Ал мамлекетке ири сумманы кайтарып берсин деген шарт койгонбуз. Ал буга чейин анын жарымын төлөп берген», – деди Камчыбек Ташиев.
Ошондой эле, УКМКнын төрагасы ал депутаттын аты-жөнүн атаган жок.
“Биз ар бир аткаминерди, министрди, депутатты текшеребиз” – деп убада берди Ташиев.
Белгилей кетсек, бүгүн, 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөрүп жатат. Жыйында ал Райымбек Матраимов, Камчы Көлбаев жана башкалар жөнүндө маалымат берүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ