Борбор калаанын Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы Элвира Жаркееванын баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу адвокат Рустам Абдурауфов “24.kg” маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Элвира Жаркеева сот залынан эч жака кетпөө тил каты менен бошотулган.
«Буга чейин жактоочу Конституциялык палатанын 2020-жылдын 16-декабрындагы чечимине байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч келтирген. Палатанын чечиминде камакта кармоо мөөнөтүн бир жылдан ашык убакытка узартуу мүмкүн эместиги айтылган. Жаркеева менен биргеликте Бектурсун Айталиевге, ошондой эле Рустам Мамановго карата баш коргоо чарасы өзгөртүлдү», – деди Рустам Абдурауфов.
Эскерте кетсек, Свердлов райондук сотунун экс-судьясы Элвира Жаркеева кылмыштуу топ менен сүйлөшүп, кайсыл бир ЖЧКнын мүлкүн пайдаланууга макул болуп, мыйзамсыз чечимдерди чыгарган. 2016-жылы Кылмыш кодексинин нормаларын бузуп, ЖЧКнын 100 пайызын өткөрүп берүүнү мыйзамсыз деп таап, Юстиция министрлигинен кайра каттоону жокко чыгарган. Бирок андай доо-арызды район аралык сот карашы керек эле. Натыйжада 5 күндүк мөөнөткө 20,5 млн сом карыз алганы жөнүндө жасалма келишим түзүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ