Алай районунун Сары-Могол айылында бүгүнкү күндө памирлик кыргыздардан 11 үй-бүлө жашап жатат. Аларга дагы үй курулат. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев онлайн-брифинг учурунда билдирди.
“Биздин боордошторубуз памирлик кыргыздарды Кыргызстанга алып келип, отурукташтыруу боюнча программа иштелип жатат. 7 үйгө 10 миллион сом каражат бөлүнгөн. Тендер өтүп, азыр курулуш иштери башталган. Нарында жашап жаткан памирлик кыргыздарды Алай районуна көчүрүп келебиз. Ошол эле убакта Сары-Могол айылында дагы бүгүнкү күндө 11 үй-бүлө жашап жатат. Аларга дагы келечекте үй курулат. Быйыл баштап калышыбыз ыктымал. Дагы 15 үй курулат деген пландарыбыз бар. Каржылоо маселеси боюнча бир гана бюджеттен эмес, Эл аралык уюмдардан, фонддордон иштерди жүргүзүп жатабыз”, – деп билдирди Жылкыбаев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ