Menu

Клара Сооронкулова, президенттикке талапкер: “Садыр Жапаровдун кадамдары мыйзамсыз болуп жатат”

Бөлүшүү:

Кечээ, 24-декабрда журналист Шайырбек Абдырахман менен Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын мурунку башчысы Ибраим Нуракун уулу президенттикке талапкер Клара Сооронкулованы конокко чакырып, ал айым менен Facebook социалдык тармактартагы баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, маек курушту. Клара Сооронкулова көрүүчүлөрдөн келген суроолорго да жооп берди.

“Мен Садыр Нургожоевдин инсандык сапаттарына асылган жокмун. Мен ал кишинин инсандык сапаттарын билбейм дагы. Мен бар болгону саясатын айтып жатам. Саясаты туура эмес болуп жатат. Бул асылгандык эмес. Сөзсүз түрдө оппозицияда турган адам болушу керек. Кадамдарынын көбү мыйзамга дал келбей жатат, мыйзамсыз болуп жатат. Шайлоонун тазалыгын, адилеттүүлүгүн бузуп жатат. Ушул нерсени бирөө айтып турушу керек да. Айтып турбасак, эртең эле диктаторду жаратып алабыз, анан өзүбүз эле кыйналабыз” – деди Клара Сооронкулова суроолорго жооп берип жатып.

“Мен мыйзамдуулук, адилеттүүлүк үчүн күрөшүп жатам. Туура эмес кадамдардын барын ачык эле айтам. Муну каралоо катары кабыл албаш керек” – деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, президенттикке талапкер Клара Сооронкулова БШКнын Садыр Жапаровду президенттикке талапкер катары каттоосу мыйзамсыз деп сотко кайрылган. 18-декабрда Бишкек шаарынын административдик соту Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, президенттикке талапкер Клара Сооронкулованын БШКга каршы доо арызын канааттандырган жок, б.а. Садыр Жапаровду президенттикке талапкер катары каттоону мыйзамдуу деп тапкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 94 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: