Menu

УКМК: Райымбек Матраимовдун мүлкү мамлекетке берилет

Бөлүшүү:

Райымбек Матраимовдун мүлкү мамлекетке берилет. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

“Кыргызстандын Мамлекеттик бажы органдарындагы коррупциялык схема боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында алынган батирлерди УКМКнын кызматкерлерине бөлүштүрүү маселеси каралган жок”, – деп айтылат маалыматта.

“Өткөрүлүп берилген мүлктү белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине өткөрүп беребиз”, – деп белгилейт УКМК.

Белгилей кетсек, 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимов келтирилген чыгымды төлөө үчүн накталай акчадан тышкары мамлекетке тогуз батирди жана бир соода борборун өткөрүп бергенин айткан. Ошондой эле, Ташиев батирлер УКМКнын кызматкерлерине бериле турганын билдирген.

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева “Матраимов берген батирлер УКМКнын кызматкерлерине берилет” дегенге нааразы болуп, мүлктү сатып, андан түшкөн акчаны мамлекеттик бюджетке жөнөтүү керектигин айткан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 50 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: