Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов сөзү Жолон Мамытовго, обону Рыспай Абдыкадыровго таандык “Издейм сени” аттуу ырды “Кыргыз радионун” эфиринде жандуу үн менен ырдады. Бул тууралуу видеотасма социалдык тармактарда тарады.
Маалым болгондой, Жаңы жылды утурлай жети күн бою “Кыргыз радиосунда” ар кесиптин ээлери белгилүү ырчылар менен ырдашат. 25-декабрда белгилүү саясатчылар Тазабек Икрамов, Аида Касымалиева менен ырчылар Токтобүбү Черикчиева жана Максат Кулуев мейманда болушкан. Анда ырчылар менен саясатчылар бирге ыр ырдашкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ