Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Э.Эрматов Ички иштер министирлигинин Жол кайгуул кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Т.И.Дегенбаев менен жолугуу учурунда жол белгилеринин мамлекеттик тилде жазылуусун көзөмөлдөө боюнча тапшырма берген. Бул сүйлөшүүлөрдөн соң эки тараптын биргелешкен иш-мерчеминин негизинде ЖККнын жол көзөмөлдөө бөлүмү жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча түзүлгөн жумушчу топ Чүй облусу жана Бишкек шаарынын аймагында 2016-жылдын 25-январынан 4-февралына чейин рейд өткөрдү. ЖККнын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги М.Сандыбаевдин билдирүүсүнө караганда рейд учурунда катталган туура эмес жазылган, макулдашуусуз илинген жарнама такталар, жол белгилеринин 70%ы ирээтке келтирилген. Аталган мыйзам бузуу фактылары боюнча 35 административдик протокол түзүлүп, жалпы 17500 сом өлчөмүндө айып салынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ