2016-жылдын 13-сентябрында саат 14:15 чамасында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында Бишкек-Ош унаа жолунун 377-чакырымында Тойота-Эстима мамлекеттик № ОS 749 автоунаа менен ХОВО мамлекеттик №В 9535 АI автоунаасы кагылышкан.
Тойота автоунаасында 12 адам болгон, жол кырсыгынан 3 чоң адамдар, 2 балдар жеринде мерт кеткен.
Тойота автоунаасынын 7 жүргүнчүсүнүн 3 жаракат алган адамдарын куткаруучулар жолдогу автоунаалар менен Кара-Көл шаардык ооруканасына жиберген, 4 жаракат алган адамын патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан Кара-Көл шаардык ооруканасына алып кетишкен.
Хово унаасындагы 2 адам эч кандай жаракат алган эмес.
Азыркы учурда тийиштүү иш чаралар жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ