Menu

Эмил Токтошев, Жогорку Кеңештин депутаты: “Азыркы депутаттар өз деңгээлине жараша демилгелерди көтөрүп жатышат”

Бөлүшүү:

 

  • Өткөн жумада сиз жана партиялаштарыңыз демилгелеп чыккан жашы 18ге жете элек кыздардын турмушка чыгуусуна каршы мыйзам долбоору кабыл алынды. Бул мыйзамдын зарылдыгы тууралуу айтсаңыз жана жашы жете элек кыздарды күйөөгө берген, ага себепкер болгон адамдарга кандай жаза каралган?
  • Ооба, өткөн жумада нике тууралуу мыйзам долбоору акыркы окуудан өттү. Бул мыйзамды А.Салянова, Э.Токтошев жана Ө.Текебаев демилгеледик. Мыйзамда үй-бүлө кодексине же кылмыш жана жаза кодексине өзгөртүүлөр кирди. Мазмуну жөнүндө айтсам, 18ге чыга элек жаш өспүрүмдөрдүн никесин кыйып турмушка берсе, ошол диний ырым-жырымдарга себепкер болгон адамдар, ал ата-энеси болобу же туугандарыбы, досторубу, молдо болобу  ким болсо да 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Эми бул мыйзамдын зарылдыгына токтолсом, акыркы мезгилде моюнга алышыбыз керек, мектеп жашындагы кыздарыбызды көп турмушка берип жатышат. Статистикага кайрылсак, турмушка чыккан кыздардын 15 пайызы 18 жашка чейин күйөөгө тийиптир. Ал эми 1.5 пайызы 15 жашка чейин эле турмушка чыгып кетишкен. Жалпылап алсак, мамлекетибиз эгемендүүлүк алгандан бери 160 миң кыз 18 жашка чыкпай турмушка чыгышкан. Бул деген бир облустун калкынын санына барабар дегенди билдирет. Ал эми мунун кесепети жөнүндө сөз кыла турган болсок, мектеп окуучусунун турмуш курууга аң-сезими даяр эмес. Алар үй-бүлө кургандан кийин үй-бүлөлүк баалуулукту, андагы  жоопкерчиликти эч качан түшүнө албайт. Денеси бала төрөгөнгө да даяр эмес. Мындай энеден толук кандуу, дени сак баланын төрөлүшү күмөн. Ошол себептен улам кайра ажырашуулар көп болуп жатат. Ажырашып кетишсе өз укугун коргой албай, көчөдө балдары менен калып жатышат. Эч кандай мүлккө ээ боло албай калышат. Анткени нике күбөлүгү жок. Азыр деле нике курагы 18 жаш деген мыйзам бар. Мында бир жаман жери, биз жазгандай жоопкерчилиги көрсөтүлгөн эмес. Жарандарыбыздын дени сак болсун десек жапа тырмак киришип, бул мыйзамдын ишке ашышын көзөмөлдөшүбүз керек.  Улутубуз күчтүү болсун десек кыздарыбызды көздүн карегиндей сактап, тарбия, билим берип, анан турмушка өз убагында беришибиз керек. Ошондо биз ойлогон “күчтүү улут”, “дени сак жашоо” болот.
  • Каршы көз караштагы адамдар чыкпай койбосо керек? Талкуу учурунда каршы тарап кандай жүйөлүү себептерди айтып жатышты?
  • Мыйзамды биз кеңири талкууладык, бир нече тегерек стол уюштуруп, муфтияттын жамааты менен кеңештик. Мен өзүм НТСке аалым Чубак ажы менен теле дебатка чыктым. Ислам университетинин бөлүм башчысы Замир мырза менен ЭЛТРде талкууладык. Жалпысынан биздин мыйзамды бардыгы колдоп беришти. Эл арасында албетте, каршы көз караштагы адамдар болду. Айрыкча молдокелер арасында каршы болгондор болду. Алар айтышат, “Ата-энеси алып келсе бизде не күнөө?” – деп. Күбөлүгүн сурап туруп, 18 жашка чыккан гана жаштарга нике кыя ала турганыңызды айтыңыз, ошондо сизге эч кандай доо коюлбайт деп айтып жатабыз. Туура, бизде жашоосу оор үй-бүлөлөр көп, балдары көп. Бага алышпай күйөөгө берип коюшат. Биз мамлекетпиз, биздин улуттун кызыкчылыгы үчүн өз ички тартиптерибиз болуш керек. Тиги жаман жашайт, анын балдары көп дебей, бардыгыбыз мыйзам алдында бирдей жооп беришибиз керек. Бул мыйзам иштебейт дегендер да бар. Коомчулук бизге жардам берет ойлойбуз. Өзүбүз да көзөмөлгө алабыз.
  • Бул мыйзам долбоору көпчүлүккө жакты болуш керек. Бирок ар бир нерсенин терс жагы болот эмеспи, азыркы “бузулган коомдо” 18ге жашы жете элек кыздардын боюнда болуп, эки тараптын макулдашуусу менен үйлөндүрүп коюп жатышпайбы. Эми бул мыйзам жазасынан жана элдин сөзүнөн качкандан улам бойдон алдыруулардын саны ого бетер көбөйбөйбү?
  • Азыр да аборт кылдыргандардын саны көп. Бара-бара оңолот деп ойлойм. Керек болсо бул мыйзам өз убагынан кеч кабыл алынды. Коңшу мамлекеттер Казахстан, Өзбекстан, Тажикстанда буга  окшош мыйзам мурда эле кабыл алынган.
  • Акырында айтсаңыз, 6-чакырылыштын депутаттары, коллегаларыңыз, улам бир ойлонулбаган демилгелерди көтөрүп чыгып элдин кыжырын  келтирип жатышат го. Муну менен өздөрүнүн чындап акчанын күчү менен мандатка ээ болгондорунан  кабар берип койгон жокпу?
  • Мен депутат катары азыркы коллегаларыма баа бере албаймын. Ар ким өз деңгээлине жараша демилгелерди көтөрүп жатышат. Эл тараза, эл сынчы деген сөз бар эмеспи. Убагы келгенде эл өз баасын берип алат.

Маектешкен Гүлмира ШАРШЕЕВА

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: