Menu

Видео – Сагынбек Абдрахманов, КСДПнын төрагасы: “СДПК 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышат, биз 50 депутаттык мандат алабыз деп турабыз”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-апрелде КСДПнын жаңы төрагасы Сагынбек Абдрахманов Kyrgyztoday.kg маалымат агенттигине маек берип, партиянын ичиндеги саясый күрөш жана келечек максаттары тууралу айтып берди.

-Cиздердин КСДПда болуп жаткан окуялар коомчулукта чоң резонанс жаратууда, өз оозуңуздан угалы, деги эмне болуп жатат?

-3-апрелде партиянын XVIII съезди болуп өттү. XVIII съезд бул “КСДП тазалануу жана жаңылануу жолунда” деген ураан менен өттү. Ошол съезддин чечими менен мен СДПК партиясынын төрагасы болуп шайландым. Анан ошол документтердин баарын биз Юстиция министрлигине тапшырдык жана партиянын юридикалык адреси менен жетекчилигин алмаштырууну суранып кат бердик, Адилет министрлиги муну колдоп берди.

-Ошондо эми Атамбаевдин тагдыры эмне болот? Ал партиясы жок көчөдө калдыбы?

-Атамбаевге биз партиянын печаттарын тапшыр деп эки жолу кат жөнөтүк, ал жооп бербей койгондуктан, биз азыр гезиттерге жарыя бердик “СДПКнын мурунку печаты жараксыз деп табылсын” деп. Эми биз жаңы печать жасатууга аргасыз болобуз. Биз съездге келатканда “Атамбаевди төрагалыктан түшүрөбүз, партиядан чыгарабыз” деп айткан болчубуз. Бирок биздин партиянын аксакалдары, ардагерлери “Алмаз Шаршеновичтин партияга салымы бар, президент болду, партиянын мүчөсү катарында жүрө берсин” дешкенинен ошондой чечим чыгарганбыз. Ошондуктан Алмаз Атамбаев бүгүнкү күндө партиянын катардагы эле мүчөсү болуп кала берет, бирок төрага эмес.

Силерди КСДПнын ичиндеги кайсы күчтөр колдоп жатат?

-Бизди колдогондор аймактар болуп жатат да, шаарда болсо баягы эле үч-төрт фейктер менен Адил Турдукуловго окшогон же Ирина Карамушкинага окшогон эки-үч киши эле болбосо калганы бизди колдоп жатышканы бизге дух берип жатат. Туура жолдо кетип бара жатканыбызды көрсөтүп жатат. Кыргызстандын жаңы тарыхында бул биринчи жолу болуп жатпайбы, ошондуктан карапайым эл, биздин партиянын ардагерлери жана активисттери бизди колдоп жатканы бизди сүйүндүрүп жатат.

-Мурунку КСДПга социал-демократиялык идеология деген эмне экенин түшүнбөгөндөр толуп алган деп көп айтылат, бул багытта силерде кандай максаттар бар?

-Биз эми КСДПнын жогорку партиялык мектебин ачалы деп жатабыз. Азыр ЖОЖдордун ректорлору менен сүйлөшүп, ошол Жогорку партиялык мектептин жоболорун жазуудабыз. Өткөндө бир журналист айтат “СДПКнын эки съезди катары менен өттү, бирок бирөөсүндө да социал-демократиялык идеология тууралу сөз болгон жок” деп. Ошондуктан биз Кыргызстанда унутулуп калган социал-демократиялык идеологияны көтөрүп чыгалы дедик. СДПКнын Жогорку партиялык мектеби буга жакшы көмөк көрсөтөт деп ойлойбуз.

Мындан ары дагы кандай кадамдарды ишке ашырууну көздөп жатасыздар?

-Ленин айткандай биринчи почта, телеграфты алдык, эми банкты алыш керек. Атамбаевге эки кат жаздык, биринчисинде, партиянын уставын, печатын жана башка финансылык документтерин мыйзам чегинде өткөрүп бериңиз деп. Ал ага жооп берген жок.Экинчи жолу биз ачык кат менен кайрылдык, эгер печать жана башка документтерди бербесеңиз биз жаңы печать жасатууга буйрутма беребиз дедик. Биз Кыргызстандын 7 дубанын жана айылдарын кыдырып чыктык, партиялаштарыбыз менен жолугуп, таанышып чыктык. Жакында түштүктү Аксыдан баштап кыдыралы деп турабыз. Жер-жерлерде баштапкы уюмдарды кайра бекемдеп, чындайлы деп турабыз. Саясый партия өзүнүн лидерин эволюциялык жол менен кызматтан кетирүү Кыргызстанда биринчи жолу бизде болду. Жетекчилик тынчтык жол менен алмашылды. Бул биздин коом үчүн таңгалычтуу болуп жатат да. “Кантип эле Атамбаевдин партиясы Атамбаевдин өзүн кетирди?” деп. Ошону биз коомго, элге туура жеткиришибиз керек. Ошон үчүн биз азыр аракеттерибизди райондордон баштайлы деп жатабыз да.

-Эми жаңыланган КСДП кийинки 2020-жылы өтө турган КР Жогорку Кеңешине шайлоолорго катышабы?

– Биз 3-апрелде өткөргөн КСДПнын XVIII съездинде бул маселе айтылган, биздин негизги максатыбыз – бул кийинки, 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого катышуу жана утуп келүү.СДПК тарыхый партия болгондуктан, СДПКдан 3 президент чыккандыктан биз планканы жогору көтөрүп, 50 депутаттык орунду алышыбыз керек. Ушундай максатты коюп жатабыз да. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо чоң акча ресурстарын коротуу боюнча эң жогорку пик болду деп ойлойм. Мындан ары шайлоолордо акча коротуу төмөндөй баштайт. Анткени биз социал-демократиялык партия болгонубуз менен социал-демократиядан четтеп кеткенбиз, бул партияга жалаң байлар, бизнесмендер, соодагерлер, коммерсанттар келип алып, баягы партиялык тизменин биринчи катарларына акчалуулар келип алып акча коротуунун чен-өлчөмүн көтөрүп жиберишкен. Эми биз мындай нерседен четтейбиз.

-Шайлоого бир эле КСДП чыгабы же Абдракмановдун КСДПсы менен катар Атамбаевдин КСДПсы да атаандашып чыгабы?

-Бир эле СДПК чыгат. Анткени биз партиянын атын өзгөрткөн жокпуз, партиянын штабы жайгашкан дареги менен партиянын төрагасын гана алмаштырдык. Юстиция министрлигинде баягы эле СДПК – КСДП кала берди. Мен төрагасы катары расмий түрдө съездден шайландым. Юстиция министрлигинен каттодон өттүк. Эгерде Атамбаев тарап каршы болсо бизди сотко берсин, Юстиция министрлигин сотко берсин эгер алар туура эмес кылды деп ойлосо. Биз соттошконго даярбыз. Бирок, мен айткандай соттошконго алардын колунда документтери жок. Аларды бүгүнкү күндө эл колдобойт. Атамбаевден оомат ооп кетти, кут кетти ал кишиден. Кут ал кишиге кайра кайрылып келбейт го деп ойлойбуз да. Ал эми биз региондорду кыдырып, баштапкы партия уюмдарын ревизия кылып чыгалы, партиялык дисциплинаны орнотолу, мүчөлүк акыларды төлөөнү жандандыралы деп жатабыз…

Ошондо жаңы КСДПнын шайлоодогу партиялык тизмесине эми олигархтар, байлар алынбай жалаң социал-демократиялык идеологиянын тарапкелери гана алынабы?

-Өзүнүн маңдай тери менен байыган, бутуна турган адамдар тизмеде болбойт деген туура эмес, албетте алар да тизмеде болот. Социал-демократиялык партия  бул орто катмардагы ишкерлерди колдогон партия болот да. Ошондуктан байлар бизден таптакыр четте болот деген ойдон алыспыз.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − 57 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: