Menu

Чубак ажы Жалилов: «Депутат мырзаларга калпак, депутат айымдарга элечек кийгизип койсок неге болбосун?»

Бөлүшүү:

— Чубак ажы, бизде акыркы учурларда Ислам динин жамынып экстремизм, терроризмди колдогондор көбөйүп жатат. Экстремизм, терроризм динде кандай түшүндүрүлөт?

— Бисмилла-рахман-рахим, азыркы күндө терроризм, радикализм, экстремизм деген сөздөр аябай мода болуп, туу чокуга чыгып баратат. Ушул сөздөрдүн маанилери жөнүндө Исламда так айтылган. Бул жөнүндө тыюу да салынган. Радикализм, экстремизм бул чектен чыгуу. Ал эми терроризм ошонун жаман жыйынтыгы. Эгерде бул аракет сөз жүзүндө болуп келсе радикализм болот да, иш жүзүнө ашкандан кийин терроризмге айланып кетет. Биз диний чөйрөдө жүргөн себептен, диний радикализм, диний экстремизм тууралуу сүйлөйбүз. Анткени радикализм, экстремизмдин түрлөрү көп. Саясый экстремизм, демократиялык экстремизм, социалдык экстремизм, журналисттердин арасында да экстремисттер бар, айтор түрлөрү көп. Азыркы учурда бир адам курал менен террор жасагандан көрө бир журналист бир калем менен жасаган террор өтө зыяндуу болгондугун баарыбыз билип жүрөбүз да. Эгерде жалган сүйлөп, жалган маалымат жазса, ошону менен көп адамдарга зыян келтирип койгондугу бар. Сирияда же башка жерде болгон окуялар өзүнчө бир окуя. Бирок ошолорду чагылдырып берүүдө натыйжасы башка бир окуянын чыгышына себеп болуп жатат. Исламда муну чектен чыгуу жана кылмыш деп атайт. Пайгамбарыбыз САВдын учурунда да радикализмге барышкан. Бирок ал радикализмден кайтарган.

Үч адам мусулман болушуп, аларга дин абдан жагыптыр. Анан алар Мухамбет пайгамбардын жүрүш-турушун, жашоосун көрүп, ошол кишидей үлгүлүү мусулман болсок деп ага келишет. Ал мезгилде пайгамбарыбыз САВ сыртта жүргөн болот. Ал дагы пайгамбар катары, эл катары иштеп эл баккан киши болгон. «Алма быш, оозума түш» деп жатып алган илгертен эле мусулманчылыкта жат көрүнүш болуп келген. Баягылар пайгамбарыбыздын үйүнө келсе ал жок болуп калат да, үйүнөн аялдары энелерибиз чыгат. Алардан Пайгамбарыбыз кандай намаз окуйт, кантип орозо кармайт, үй-бүлөдө кандай деп сурашыптыр. Энелерибиз пайгамбарыбыз САВдын жашоодо кандай жүргөндүгүн айтып беришиптир. Пайгамбардын жүрүш-турушун, жашоосун уккандан кийин «Бул Алланын элчиси, пайгамбар. Мунун бейишке барары анык. Бул Кудай сүйгөн адам. Демек, биз жөнөкөй мусулмандар пайгамбардан да көбүрөөк иштешибиз керек» деген жыйынтыкка келет. Үчөөсүнүн бирөөсү «Мен мындан ары үйлөнбөйм, бойдок өтөм. Өмүрүмдүн баарын динге арнайм» дейт. Экинчиси «Мен мындан ары түндө уктабайм. Түнү менен намаз окуп чыгам» дейт. Үчүнчүсү «Мен ар бир күнүмү орозо кармайм» деп, үчөө бири-бирине убада берип басып кетишет. Алардын сөзүн карап пайгамбарыбыздын аялдары, энекелерибиз таң калышат. Пайгамбарыбыз келгенде баягы окуяны айтып беришет. Пайгамбарыбыз САВ дароо чакыргыла- чыкыргыла, артка кайтаргыла деп айтты. Аларды жигиттери желдеңдете кайра жетелеп келишет. Анан Пайгамбарыбыз өзүңөргө убада берип кеткен силерсиңерби деди. Алар «Ооба бизбиз. Сиз пайгамбар болуп туруп ушундай иштерди кылсаңыз, биз андан көбүрөөк кылышыбыз керек экен» дешти. Пайгамбарыбыз «Жок андай эмес, мен силерге караганда Кудайга жакыныраакмын. Ошол Кудайдын динин үйрөткөн менмин силерге. Мен Алланын Пайгамбарымын. Бирок мен аялдарга үйлөнөм, үй-бүлө күтөм. Үйлөнүп алып оокатка кирип кетпестен, ошол эле убакта мусулманчылыкты да кармайм. Мен орозо да кармайм, бирок оозум ачык күндөр болот. Ар бир күндө орозо кармабайм. Мен түндө туруп “Тахажут” намазын окуйм, ошол эле учурда түндө уктайм дагы. Көзүмдүн акысы бар, ден-соолугумдун акысын берем. Кимде ким биздин динибизден, сүннөтүбүздөн баш тартса ал бизден эмес» деп айтты.

Мына көрдүңүзбү бул радикалдык түшүнүктөн чыгуу. Ошол намаз окугандын, орозо кармагандын, үйлөнбөй койгондун өзүндө дагы радикалдуулук бар. Бул барып-барып отуруп, терроризмге барчу маселе. Демек, радикализмдин башталышы болгон жерде дароо аалымдар, ошол коомдун акыл-эстүүлөрү, каймактары мындайдан кайтарып калуусу керек. Бул биздин мойнубуздагы милдет. Мисал үчүн жумшак радикализм деп айтсак. Азыркы учурда бала-чакасын бакпай эле динге кызмат кылып атам деп көчөгө чыгып кеткендер бар. Мына ушул дагы радикалдуулук. Же башка бир адамдар динде жүрөм деп сырткы боёк менен гана чектелишет. Кээ бир учурларда мусулман эместерди дагы четке кага берген учурлар да кездешет. Бул дагы радикалдуулук. Мисал үчүн Ала-Букадагы баптист аялдын сөөгүн коюу чыры дагы радикалдуулук. Туура, мусулман түшүнүгү, дүйнө таанымы боюнча мусулман эместер алардын күмбөзүнө коюлбайт. Бирок ал адам катары урматталууга тийиш дагы, өзүнчө бир мазарга коюлушу шарт. Ага атайын жер бөлүп берип көмүлүш керек. Анткени Курани каримде “адам уулун урматтуу кылып жараттык”,- дейт. Демек, бул Ислам юридикалык илимин түшүнүүдөгү радикалдуу түшүнүк деп айтсак болот. Радикалдуулук жана экстремисттик маанайдагы аракеттерди жасоо Ислам дининде четке кагылган маселе болгон.

— Кийимдер жөнүндө да айтып өттүңүз. Бизде акыркы жылдары кара менен чүмкүнөп алган, башка улуттун кийимдерин кийип алгандар аябай көбөйүп кетти. Ушуну бир калыпка салсак болобу?

— Кийим кийүү маданиятында дагы радикалдуу көз караштар пайда болуп жатат. Чындыгында бул батыштык көз карашты кармангандардын жана ошол исламий көз карашты кармангандардын көз карашындагы радикалдуулугу. Чындыгында капкара кийимдерди кийип, бети-башын чүмкөп алган бул кыргыздын салтында болгон эмес. Ошол эле учурда кыска юбка кийип, жылаң баш жүргөн дагы болбогон. Биз дайыма радикалдуулук дегенде бетин жапкандарды айта беребиз да, жанагы көчүгүн жаппагандарды такыр айтпайбыз. Аларды кайсы бир деңгээлде колдогондой болобуз. Кыргыздын салтында кийингиле, кыргыздын салтында эмнеге кийинбейсиңер?- деп сүйлөп жаткан эжекелерди карасаң, алар деле кыргыздын бир дагы кийимин кийген эмес. Жада калса кыргыздын ич көйнөгүн кийбеген. Ич көйнөк деле андан узун болгон. Бирок алар көчүгүн, тизесин көрсөтүп басып жүрүшөт. Демек, биз биринчи кезекте мусулман айымдарга зулумдук кылбашыбыз керек. Эгерде кыргыздын салтын сактай турган болсок, анда жапырт ошону баардыгынан талап кылышыбыз зарыл. Мисалы, эмне үчүн Америкада окуган Эдил Байсаловго кыргызча кийинүү милдеттүү эмес дагы, Аравияда окуп калган Максат ажы же Чубак ажы сөзсүз түрдө кыргызча кийиниш керек? Эмне үчүн ал Американын жынсысын кийип жүрсө болот дагы, Пакистандын кийимин кийип жүрсө болбойт деп таң кала берем да. Же болбосо биздин саясатчылар англосакстардын костюмдарын кийишет дагы, эмнеге кыргыздын чапанын булар кийбеши керек? Эмне кыргыздын баалуулуктарын сактоо мусулмандарга эле милдеттүүбү? Биз өзүбүзгө жооп беребиз. Башкалар өздөрүнө жооп берет. Динибизде аялдар узун этек, узун жең кийип, ошондой эле кулактарын, моюндарын көрсөтпөстөн, чачтарын жаап жүрүү милдеттүү. Биздин кыргыздын элечеги, жоолугу, белдемчиси ага толук түрдө жооп берет. Бирок баары замандашып жатпайбы. Азыр кимдир бирөөгө костюм шымчан бир эркекти көрсөтүп, ушул кандай десек баарыбыз туура көрөбүз. Анткени Кошой атабыз кийген кандагай шымды президент, депутаттар деле кийе койбойт. Аны кий десең кадимкидей кыйналып, жыдып кетиши мүмкүн. Азыр кыздарыбыз жоолук салынып жүрөт. Жылаңач жүргөндөр элечектин баарын жок кылгандар. Ал эми жоолукчандар элечектин жарымын жок кылып калганын алып жүргөндөр. Анткени ал автобуста же кыймылдаганда ыңгайсыздык жаратат экен да. Ошондуктан мусулманыбыз да, мусулман эмесибиз да улуттук аң сезимге кайткыбыз келсе, анда коомдун баардыгы ошого аракет кылышыбыз зарыл. Мисал үчүн Түркмөнстанды айта кетели. Мен депутаттар Жогорку Кеңеште баардыгы кытайдын жасалма калпагын эмес, таза кийизден тигилген калпакты сөзсүз түрдө кийиш керек деп айтат элем. Кыргызда жылаң баш жүргөн болгон эмес. Уктаганда дагы допу менен уктаган. Депутат мырзаларга калпак кийгизип, депутат айымдарга элечек кийгизип койсок неге болбосун? Мисалы Ирина Карамушкинага. Биздин парламентте депутат болуп отурду го, демек элечек кийип отурсун. Элечекти көзү-кашы кара кийиш шарт эмес, сарылар деле кийсе элечек жараша берет. Сауд Аравиясы бай өлкө, бирок өздөрүнүн улуттук формасы менен жүрүшөт. Биз деле ошого өтүшүбүз керек. Ошондон кийин башкалардан талап кылсак болот. Арабтарда “Сен өзүң башкаларга үлгү болмоюнча, андан бир нерсени талап кылба” деген жакшы сөз бар. Кыргызча кийгиле дегендер өздөрү кийинип баштап беришсе, биз жан дилибиз менен колдоп берет элек. Бирок ошого карабастан алгылыктуу иш-аракеттер жүрүп жатат. Кара кийимдер шарият боюнча тыюу салынбайт. Биздин салтыбыз боюнча кара түс аза күтүү мааниде туюлуп калган. Биз деле караны кийбегиле деп айтып жүрөбүз. Бирок жанагы эркектерден гомосексуалист, кыздардан лесбиянка чыккандай, жоолук салынгандардын арасынан хулигандар чыгып калат экен да. Болбой эле караны кийип, бетин жаап алып көчөгө чыгып кеткендер болуп жатат. Алар бир-эки эле пайызды түзөт.

— «Биз кайда баратабыз» деген жазуусу бар, кара кийим менен чүмкөнүп алгандардын сүрөтү тартылган жарнактар көчөгө илинбедиби. Ошону кандай кабыл алдыңыз?

— Эң туура кабыл алдым. Ага эч кандай жаман оюм болгон жок. Болгону ага саясий боёк берилип калды да, болбосо ошол сөздүн өзүн биз деле айтып жүргөнбүз. Ал сөз жаңы сөз эмес, андан болгону саясат чыгарып жиберишти. Чынында адамдын мусулманчылыгы биринчи кезекте анын кийими эмес, анын жан дүйнөсү менен өлчөнүшү керек. А биз болсо ошол нерсени кийимден баштап алдык. Ошол үчүн проблемалар чыгып атат. Маселен костюм шым кийип, чыкыйып алсаң жакшы киши экен деп ойлойт дагы, аны чечип койсо эле акылы жоктой көрүнүп калат да. Ошол сыяктуу мусулманчылыкты биринчи кезекте кийим менен өлчөп алдык. Албетте, бул туура эмес. Кийим парз, милдеттүү. Бирок жан дүйнө руханий дөөлөттөн кийин келе турган маселе деп айтсак туура болот.

— Бизде жаш балдар сууктун күнүндө бутуна кытайдын желим сылансысын, шалбыраган дамбал кийип элди дааватка чакырып жүрүшөт. Ушулардын өздөрүн туура жолго чакырсак болобу?

— Биринчиден, биз демократиялуу өлкөбүз. Бирөөнүн мышыгын пыш деп айта албайбыз. Мисалы былтыры “Аламүдүн” базарында бирөө жылаңач жүргөн экен, бирөө барып кийимиңди кийип ал деп айтканга жараган жок. Ага тыюу сала алган жокпуз. Ошол үчүн бирөөнү тигинт, минт деп айтканга укугубуз жок. Анын ичинде мусулмандарга да барып бир нерсени милдеттүү кыла албайбыз. Болгону биз аларга осуят гана беребиз. Айтып эле жүрөбүз, ушул кийингениңер туура эмес деп. Бирок ошол эле учурда бомж болуп калгандар, үй-бүлөсүн таштап койгондор, дамбалы жоктор дагы бар да. Дайыма эле бир нерсе бир жакка багыттала бергени адилетсиздик болуп эсептелет. Көп адамдар ушундай жүрүшөт, үй-бүлөөсүн таштап койгондор бар. Чынында алардыкы туура эмес. Аларда Исламдын бир үлгүсү катары көрүп албаш керек. «Кой аксагы менен жүз” деген кыргыздын философиялык жакшы сөзү бар. Койдун баардыгы эле куйруктуу, кудага союла тургандай эмес. Мен күн сайын мусулман коомунда аралашып жүргөнүм үчүн кимдер кайда кетип атканын билем. Кээ бир адамдар он жыл мурдагы дааватчы ошондой эле жүрөт деп айтат. Жок, андай эмес. Ал ошондогу жаңы келген дааватчы. Жарым жыл, бир жылдан кийин кийими өзгөрөт, эки жылдан кийин үйлөнүп, үч жылдан кийин базарга барат да иши болот, төрт жылдан кийин карасаңар үйүн куруп, баласын Оксфордго окутуп атканын көрөсүң. Саясатчылар, саясый элита жаңырып жатат. Ушул сыяктуу дааватчылар деле жаңырат. Менин бир тууган карындашым БУУда иштеп жүрдү. Экөөбүз сүйлөшүп калсак «Ушулар он жылдан бери ушундай жүрөт» деп айтат. Мунун келгенине эки эле ай болду, он жыл мурда көргөнүңдүн жашоосу сеникинен башкача, үйүндө ынтымак, аялы жакшы жашоого ыраазы, балдары жогорку билим алып жатышат деп айтам. Мамлекетти тоногон, мамлекеттин жерлерин уурдап басып алган, завод, фабрикаларды башкаларга сатып ийген, президент болуп качып кеткен андан бетер жаман. Карыганда дамбал кийип, адамдарды акыйкатка жүр деген бир аз жакшыраак го. Эмнеге биз таразага салып көрбөйбүз? Дамбал кийгенин көрөбүз да, калганын көрбөйбүзбү? Же бизди костюм шым кийип, алдай берсе боло береби? Дамбал кийип алып жакшы сөз айтса, аны жаман жакка чыгарып коёбуз. Бул деген адилетсиздикке жатат. Кийим менен өлчөгөндөн жогору көтөрүлүшүбүз керек.

(Уландысы кийинки санда)

Маектешкен Үсөн Абдирашит уулу

Булак: Жаңы Ордо 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: