Menu

Талант Замирбеков, “Биздин тилек”коомдук жаштар кайрымдуулук фондунун директору: “Тейлөө жаатында алган тажрыйбамды мекенимде пайдалангым келди”

Бөлүшүү:
  • Талант мырза, туулган жериңиздин туристтик тармагын кеңейтүү максатында алгачкылардан болуп туристтик агенттик ачыптырсыз бул боюнча айтып берсеңиз?
  • Өзүмдүн кичи мекеним – Нарын. Кичинемден өскөн жеримди гүлдөгөн шаар катары көргүм келчү. Алгачкы кыялым, максатым болду деп айтсам болот. Анталияда туризм тармагында билим алып, иштегем. Бир топ мамлекеттерге барып тажрыйба топтоп келдим десем жаңылышпайм. Ал мамлекеттерден туристтерди кабыл алуу, тейлөө жаатында алган тажрыйбамды мекенимде пайдалангым келди. Кыргызстанда туризм тармагына салым кошкум келди. Алгач өзүмдүн кичи мекеним Нарын аймагынан баштоону туура деп ойлодум. Буюрса ишибиз оңунан чыгып, 2013-жылдан бери туризм тармагында көптөгөн долбоорлорду ишке ашырганга жетиштик. Айта кетсем, Нарын шаарындагы “ТурНа” туристтик агенттиги, профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби, Германия кызматташтыгы менен бирдикте 20 студентти гид коштоочу кесибин окутуп даярдадык.
  • Туризмдин сапатын жакшыртуу максатында кандай иштерге басым коюп жатасыздар?
  • Облустагы туризмдин сапатын жогорулатуу үчүн Кыргызстандагы жана башка чет өлкөдөгү кээ бир туристтик агенттиктер жана туристтик борборлор менен жакындан мамилелер түзүлдү. Нарындагы мейманканалар боюнча маалыматтар топтолду жана жаңы келишимдер түзүлдү. Мунун алкагында мейманканалардын ээлери үчүн кызмат сапатын жакшыртуу боюнча окутуу-тренинг жүргүзүлдү. Эл аралык уюмдар менен туризм тармагы боюнча жаны проекттерди иштетүү жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Жыйынтыгында Нарында алгачкы болуп «Туристтик маалымат борбору» ачылды жана туристтерге жол көрсөтүүчү  электрондук карта “Foursquare” программасы ишке киргизилди. Туристтик-маалымат борборунун өздүк интернет сайты ишке киргизилди. Бардык каалоочулар Нарын жергесиндеги тарыхый жана кооз жерлерин, мейманкана, кафе, транспорттук кызматтар жана кол өнөрчүлөр дүкөндөрү боюнча кенен маалымат ала алышат.
  • Келген коноктор эмнеге басым жасашууда жана алгачкы ийгиликтер байкалып жатабы?
  • Келген коноктор мейманкананын жана машиналардын тазалыгына, жаңы, сапаттуу туристтик маршруттардын ачылганына басым жасап жатышат. Туристтерге жол көрсөтүүчү электрондук карта “Foursquare” программасы пилоттук болуп Нарын облусу тандалган. Бул программага туристтер кызыккан 1000дей обьекттилер кирди. Жыйынтыгында 2014-жылы Нарын облусуна эң көп туристтер келди. Бул жылдан кийинки жылдарда да туристтердин саны көбөйүп, буюрса жылдан-жылга туристтердин агымы жакшыруунун үстүндө деп сыймыктанып айта алам.
  • “Биздин тилек”коомдук жаштар кайрымдуулук фондунун иши тууралуу да сөз кыла кетсеңиз?
  • Калктын социалдык абалын жакшыртуу, билим берүү тармагында да иштеп жатам. Кайрымдуулук фонд тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү, социалдык жактан колдоо иштерин уюштуруп келебиз. “Беш манжа бөлөк, билек бир, беш адам бөлөк, тилек бир” урааны астында жаштардын жардамы менен иш жүргүзүп келе жатабыз.

Маектешкен Гүлмира ШАРШЕЕВА

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 + = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: