Мугалимдер арасында өткөрүлгөн “Мыкты мугалим – 2017” республикалык сынагын жыйынтыктоо иш-чарасына Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев катышып, ардактуу кесип ээлерин кесиптик майрамы менен куттуктап кайтты. Бул туурасында аталган комиссиянын басма сөз кызматы билдирет.
Н.Ишекеев өз куттуктоосунда мындай деди : “Мугалимдер сиздер өлкөнүн иденттүүлүгүн айкындаган мамлекеттик тилдин, улуттук тарыхтын, өлкөнүн маданиятынын, анын аймактык, чөлкөмдүк, территориялык баалуулуктарынын, материалдык дөөлөттөрүнүн энциклопедиялык негиздеги булагысыздар. Сиздер өлкөнүн өткөнүн, бүгүнкү күнүн жана жаркын келечегинин пайдубалын түптөп, кышын кынаган улуу интеллектуалдуу баалуулуктардын ордосусуздар.”
Иш-чаранын алкагында Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана тил саясатын өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн “Мыкты мугалим – 2017” сынагынын жеңүүчүлөрүнүн катарын толуктаган Бакай-Ата районунун Чалдовар мектеп-интернатынын кыргыз тили жана адабяты мугалими Рахматильдеев Мирбек жана Бишкек шаарынын № 6 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Турдубаева Бактыгүл Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Ардак грамотасына” ээ болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ