2013-жылы 26-июнда 24.kg маалыматтык агенттиги Борбордук Америкадагы Белиз мамлекетинин Жогорку соту тарабынан тастыкталган документтерге таянып, КСДПчы, Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун аялы Толкун Курманова Белиздин оффшордук зонасына 2013-жылы февралда катталган “Бишкек-парк” Enif Ltd компаниясынын 25%ына ээлик кылары тууралу документтерди жарыялаган.
Баарынан кызыгы, ал апостилди да Белиздин Жогорку Сотунун катчысы Эдмунд Пеннил 2013-жылдын 11-февралында бышыктап кол коюп, мөөрүн басып берген.
Бирок, УКМК да, Алмаз Атамбаев да ал фактыны текшерүүгө кызыгышкан эмес. Жабылуу аяк жабылуу бойдон калган.
Ошол эле Эдмунд Пеннил 2016-жылдын октябрында атамекенчи депутаттар Текебаев, Салянова жана Шыкмаматовдордун атына башка компанияга Иса Өмүркуловдукундай апостиль толтуруп, колун коюп, мөөрүн басып бышыктаган деген “документ” пайда болору менен мамлекеттик машина шакылдап иштеп, УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев Алмаз Атамбаевге жеткирип, КТРК аркылуу бүт ааламга таратылып, Атамбаев генпрокурор Индира Жолдубаевага бул фактыны тыкыр иликтөөнү тапшырып жатат.
Бийликти бир колго топтоого аракеттенип келаткан адамдын жакын досунун оффшордогу жашыруун байлыгын күбөлөндүргөн катчы анын саясый оппонентин каралоочу документти да күбөлөндүрүп бериши көп суроолорду жаратат.
Бир эле киши – Эдмун Пеннилдин эки документке тең кол коюшу бул кокусунан эмес, демек биздин бийликтин бийик эшелонунда олтургандардын биринин Борбордук Америкадагы Белиз мамлекетинин оффшордук зонасында тыгыз байланышы бар. Ал аркылуу көптөгөн ушундай оффшордо байлык жашыруу операциялары өтүп турушу күмөн болбой калды.
Булак: Kyrgyztoday.kg
2013-жыл
2016-жыл
Төмөндө 24.kg маалымат агенттиги КСДПчы Иса Өмүркуловго байланыштырып жарыялаган документтер:
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ