Menu

№12, «Өнүгүү-Прогресс»: Бишкек мэриясы деталдуу пландоо долбоору үчүн 20 млн сом алды, бирок натыйжа жок!

Бөлүшүү:

«Бардык цивилизациялуу шаарларда деталдуу пландоо долбоорунун (ДПД) багыты менен иш алып барышат. Менин жана дагы бир нече депутаттардын демилгеси менен 2013-жылы Бишкек шаардык кеңешинде бир добуштан токтом кабыл алынган. Ал токтомдо Совет-Ахунбаев-Тынчтык проспектиси-Жибек-Жолу көчөлөрүнүн төрт бурчтугу боюнча деталдуу пландоо долбоорун иштеп чыгуу каралып, долбоорду иштеп чыгууга  20 млн. сом дароо бөлүнгөн. Бирок, 3 жылдан бери долбоордон дайын жок», – деген нааразычылыгын билдирди Бишкек шаардык кеңешине “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан депутаттыкка талапкер Рысбай Аматов.

Талапкердин айтуусунда, долбоор боюнча тапшырма алгач мэрияга берилген. «Ал эми 2014-жылы биз долбоор алигиче иштеле электигин эскертип, аны иштеп чыгууну жеңилдетиш максатында “Бишкекбашархитектурасына” жүктөгөнбүз, бирок бул дагы ишке жардамын тийгизген жок», – дейт Рысбай Аматов.

Бишкек шаардык кеңешинин курамында “Өнүгүү-Прогресс” партиясы демилгелеген негизги маселенин бири катары шаар аймактарын деталдуу пландоо долбоорлору болоорун талапкер тастыктайт.«Борборубуздагы башаламан курулуштарды токтотуу үчүн мындай долбоорлор сөзсүз керек. Азыр карасак акча алмаштыруучу жайлар бир көчөгө топтолгон, дагы бир көчөбүздө жалаң кафе, тойканалар жайгашкан. Жыйынтыгында, шаардын көптөгөн кварталдары мектеп, поликлиника, бала бакчаларсыз калып жатат. Учурда шаардын ичинде эмес, жаңы конуштарда дагы деталдуу пландоо долбоорунун жоктугуна байланыштуу мектеп, бала бакчаны мындай кой, кичинекей балдар аянтчасын курууга жер табылбай калды», – деген оюн билдирди Рысбай Аматов.

Рысбай Аматовдун белгилөөсүндө, мындай долбоорлорду иштеп чыгуу борбор шаарыбыз үчүн абдан актуалдуу. Эгер долбоор кабыл алынса, шаарда салынуучу тигил же бул объектти курууда документте бекитилген эрежелер сакталат. «Эгер долбоордо бул аймакта кошумча кафе же магазин көрсөтүлбөсө, мындай объекттер курулбайт. Квота боюнча берилген оорукана, бала бакча, спорзал ж.б.у.с. объекттерди курууга жол ачылат», – деп жыйынтыктады Рысбай Аматов.

onuguu-logo-2

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 + = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: