Menu

Алтынбек Биялиев, жарандык активист: “Бажыдагы коррупциялык схеманын артында ким турганы баардыгына белгилүү, бирок аны эч ким далилдей албайт!”

Бөлүшүү:

– Алтынбек мырза, сиз көп учурга чейин МБКнын (Мамлекеттик бажы кызматы) мүчөсү, андан кийин Коомдук кеңешинин төрагасы болуп иштегенсиз. Баардыгын ич-арасынан билесиз. Мамлекеттик органдын иш-аракеттерин кандай баалайсыз?

– Бажы кызматынын натыйжалуулугу эки коомдук көрсөткүчтүн негизинде бааланышы мүмкүн: бул бюджеттин планы боюнча төлөмдөрдү аткаруу жана калктын ишеним көрсөткүчү.

2017-жылы МБКда жетишпегендик 2 млрд сомго жеткен, 2018-жылы болсо 1,5 млрд сомду түзгөн.

КР Улуттук статистика комитети тарабынан жүргүзүлгөн “мамлекеттик органдардын коомдук ишеним индекси” боюнча МБК туруктуу биринчи орунду ээлейт!

Бир эле мисал келтирип берейин. Кызгыз-өзбек чек арасында “Достук” автомобилдик өткөрүү пунктунун ачылышы менен байланыштуу мен Мамлекеттик бажы кызматынын Коомдук кеңешинин төрагасы катары Ош шаарына баргам. “Достук” өткөрүү пунктунун ичинде “ортомчулар” деп аталгандардын арасында бизнесмен, ишкерлер, декларант, жүк ташуучу жана бажы кызматкерлердин арасында расмий түрдө эмес сурамжылоо жүргүздүм.

Сурамжылоо көрсөткөндөй, Ош бажы кызматында коррупция болуу коркунучу бар, ошол эле учурда бир нече мамлекеттик органдар катышат. Ошол себептен ишкерлер расмий эмес төлөмдөрдү төлөөгө мажбур. Натыйжада 15 миң сомдон 25 миң сомго чейин “откаттар” орун алат экен. Эгерде мыйзамсыз төлөмдөн баш тарткан болсо анда бажы жагынан жол-жоболоштуруу тартиби боюнча баардык текшерүүдөн өтүш керек. Жасалма тоскоолдуктарга каршы, кампаларга жүк түшүрүү жана товарларды сактоо максатында ишкерлер бажы, чек ара жана башка текшерүүчү кызматтары менен макулдашууга мажбур. Ош бажы кызматтын жетекчисинин орун басарынын айтуусу боюнча, белгиленген күзөттө 32 видеобайкоо камераларын арасында 15и гана иштейт! Жана эң башкы нонсенс – бул видеобайкоону текшерүү бажы жетекчисине таандык, анда-санда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматынын адамдары видеокамералардын маалыматын талдоо үчүн сурашат. Ошентип, белгилей кетүүчү нерсе – бул Ош бажы жана башка текшерүү кызматтардын арасындагы коррупциялык жагдай. Мен МБК жетекчилигине мамлекеттик органдардын өкүлчүлүгу менен, өлкөнүн жетекчилигин мамлекеттик көзөмөл органдарында коррупцияга каршы саясатын ишке ашыруу максатында кызматтык текшерүүну сунуштадым, бирок жооп мурдагыдай эле: “Бажы кызматында коррупция жок!”, анткени ээси ким экенин баардыгы билишет.

– Маалымат каражаттарындагы бажы системасындагы паракорчулук жана анын Раим Матраимов менен байланышы боюнча маалыматтар кеңири резонанс жаратты. Бул тууралуу айтып бере аласызбы?

– Өлкөдөн акча чыгарып кетүү боюнча бир нече маалымат агенттиктеринин иликтөөсү эч кандай жаңы маалымат алып келген жок. 2016-жылы МБКга караштуу коомдук кеңештин курамында, биз, бир нече жолу Кытай менен Кыргыз Республикасынын экспортунун жана импортунун ортосундагы көрсөткүчтөрдүн айырмасы боюнча маселе көтөргөнбүз. Бул схеманын аркасында ким турганы баардыгына белгилүү, бирок аны эч ким далилдей албайт.

-Эмне себептен?

– Баардык “мыйзамсыз” декларациялар Кытайда жасалган, себеби кымбат товарлар бажы төлөмүндөгү документ аркылуу арзан товар катары жол жоболоштурулуп, катталып жүргөн. Айтылуу Абдукадыр бажы кызматы менен жакшы байланышы аркылуу жүктөрдү бат жана оңой өткөрүп гана эмес, бажы төлөмдөрдөн абдан үнөмдөгөн. Бажы кызматкерлери – достору ар кандай жүктү кездеме же ар кандай арзан товар сыяктуу каттап койчу. Бажы кызматкери жөн гана өз каалоосу боюнча жүктөрдү каттай албайт. Бул жерде ыраматылык Айеркен сабатсыздык кылган, ал дал ушул маалыматты такташ керек болчу. Себеби, бажы кызматкери да Кытайдан жасалган документтерге таянат. Демек, сабаттуу тил менен айтылганда “Абу-Сахий” транспорттук компаниясынын жүктөрү бажы декларациясынын текшерүүсүнө кабылган эмес.

Бул маселени чечүү жолдорунун бири – чек арада текшерүү-ченем приборун орнотуу.

Россиянын колдоосу менен Кыргыз Өкмөтү бир жума мурун Иркештамда “Репискан” (алыстан жүктү текшерүү үчүн сканер) орноткон.

Бул бизге буга чейин жана кийинки салыштырмалуу талдоо жасоого мүмкүндүк берет.

Биздин бажы кызматы коррупция жана «боз» схемаларга каршы далили катары, бул ак ниетсиз ишкерлер жөнүндө маалыматтарды сактап жана кара тизмеге киргизиш керек. Алар өзгөчө көзөмөлдө болушат.

– Коррупция менен күрөшүү өтө коркунучтуу нерсе… Кантип ачык айтып атасыз мунун баарын?

– Сиз эмне жөнүндө айтып жатканынызды түшүнүп турам. Мени көп жолу телефон аркылуу коркутушкан. Белгисиз адамдар көчөдөн күтүлбөгөн жерден жолугуп, менин тийешем жок жерге кийлигишпөөмдү акырын суранышкан. Ушул жылдын октябрь айында мага кол салуу болуп, оор мээ жаракат алдым жана бетиме тырык калды. Сокулук районунун РИИОсу кылмыш ишин козгогон, ушу тапка чейин кылмышкерлерди издөө менен алектенет.

Социалдык тармактарда жана телеберүүдө мен бажы кызматындагы паракорчулук менен жигердүү түрдө күрөшөм, биринчиден, бул илдет бизди ичибизден жеп келет. Экинчиден, мен өзүм дыйканчы катары түп-тамыры менен мындайга каршымын. Себеби Өзбекстан, Тажикистан жана Кытайдан келген арзан контрабанда жергиликтүү дыйкандардын жолун бууп жатат.

Арина Рыспаева

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: