Menu

Казакстанда активисттерди кармоо уланууда

Бөлүшүү:

6-январда Нур-Султан полициясы активист Галия Тамабаеваны үйүнөн алып кетип, “тынч митинг жөнүндө мыйзамды бузду” деген айып менен беш суткага камаганын кабарлады.

Активисттин кызы дагы апасынын кармалганын тастыктап, бирок анын кай жерде экенин билбей турганын айтты.

Тамабаеванын беш суткага камалганын Нур-Султан шаардык сотунун басма сөз катчысы Ботагоз Баянова ырастады.

Андан бир күн мурун дагы бир жарандык активист Асель Онланбекти Нур-Султандын район аралык соту эки айга камоо тууралуу чечим чыгарган. Ал “Экстремисттик уюмдун ишине аралашууга” айыпталган. Буга чейин активист “Көчө партиясынын” ишине аралашпай турганын расмий түрдө билдирген болчу.

Ушундай эле айып менен мурдараак жарандык активисттер Ербол Есхожин менен Аскар Каирбек да эки айга камалган.

Казакстандын Кылмыш кодексине ылайык, “тыюу салынган экстремисттик уюмдун ишин уюштургандар” алты жылга чейин эркинен ажыратылат.

Казак укук коргоочуларынын маалыматына караганда, ушул тапта өлкөдө 110 киши “Казакстандын демократиялык тандоосу” жана “Көчө партиясы” уюмдарынын ишине катышуу, экстремисттик топ түзүү же ага катышуу айыбы менен камакта отурат.

Укук коргоочулар 10-январда өтө турган парламенттик шайлоонун алдында активисттерди куугунтуктоо күчөгөнүн билдиришүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 42 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: