Өткөн жумада Белизгейт чыры коомчулукту дөрбөлөңгө салды. “Атамекенчи” депутаттар менен УКМК башчысы Абдил Сегизбаевдин ортосунда бир топ карама каршылыктар күч алды. Бийлик тарабынан коюлуп жаткан кинеге Өмүрбек Текебаев макул эместигин билдирип чыкты. Ал ортодо парламенттеги көпчүлүк коалициянын башчысы Иса Өмүркуловдун “Бишкек парк” соода борборуна тиешелүү үлүшү Белизде катталгандыгы боюнча маалыматтар тарады. Ошентип биринин абийирин бири ачып башаламан заман болду. Белизде дагы кимдердин бизнестери катталган. Дагы канчасынын бети ачылат? 7-апрелде курман болгон баатырлардын арбагынан Убактылуу өкмөттүн эч кимиси коркподу…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ