Анын айтуусунда, «Өнүгүү-Прогресс» партиясы борбор шаарыбызды 4 шарттуу кластерге: шаардын борбору, кичирайондор, шаардын сырткы аймагы жана жаңы конуштарга бөлсө болоорун аныктап чыкты. «Партия тарабынан жүргүзүлгөн эки изилдөөнүн жыйынтыгынан соң, ар бир кластердин жашоочуларынын керектөөлөрүн аныктап, аларды чечүү жолдорун сунуштаганбыз», – дейт Нурдин Абдылдаев.
Талапкердин белгилөөсүндө, шаар борборунун жашоочулары жол тыгындарына жана эс алуучу жайлардын, жашыл тилкелердин жоктугуна даттанышат. Ал эми кичирайондордун жашоочуларын жакынкы эс алуу аймактарынын – заманбап балдар аянтчасы, үйгө жакын скверлердин жоктугу өкүндүрөт.
«Ал эми шаардын сырткы аймактары менен жаңы конуштарынын жашоочуларынын көйгөйлөрү бири-бирине үндөш. Алар сапаттуу жолдордун жана керектүү инфраструктуранын – суу түтүктөрү, канализация, газ, жарыктандыруу ж.б.у.с. жоктугу. Мындан дагы аталган аймактардын жашоочулары үчүн негизги көйгөйлордүн бири бул атайын объекттердин – поликлиника, медициналык борбор, мектеп, бала бакчалардын жоктугу», – деп белгиледи Нурдин Абдылдаев.
Шаар чарбасынын реформасы шаардыктардын маселелерин конкреттештирүү, аймактык бөлүштүрүүнү эске алуу менен жүргүзүлүшү керек. «Өнүгүү планы – кыска жана узак мөнөөткө болгонуна карабай шаардын бардык аймактарын камтышы керек. Ар бир аймактын жергиликтүү маселелерин чечүү менен, өтө олуттуу аймактардагы чыңалууну дагы жөнгө салып турушу керек», – деп жыйынтыктады Нурдин Абдылдаев.
“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б. Түлеев тарабынан төлөндү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ