Menu

Руслан Кыдырмышев, Кулатуу федерациясынын президенти: “Рамзан Кадыров жанына чакырып олтургузганда жанындагылар чалкасынан кетишти”

Бөлүшүү:

 

— Руслан мырза, көпчүлүккө сиздин бул федерацияга кандайча президент болуп калгандыгыңыз кызык болсо керек. Спорт менен алектенчү белеңиз?

— Таэквондо спорту менен 12 жыл машыгып, 1-Дан даражасына жетип, Азиянын, Кыргызстандын чемпиону болгонмун. Мындан тышкары кулатуунун өзү менен да машыккам. 20 жашка чыккандан кийин окууну бүттүм, үй-бүлөлүү болдум, ишкерликке кеттим, анан спортту таштоого туура келди. Ортодо ишкердик менен алектенип көп жыл спорттон четте болуп калдым. Бул федерацияга президент боло электе эле спортчуларына колдон келген жардамымды берип эле жүрчүмүн. Бир күнү Эмил Токтогулов эрежесиз эр урушка вице-президент болосуңбу деген сунушту айтып калды. Сунуш түшкөндө көпкө ойлонуп анан макулдук бердим. Биринчи эле гремплинг спорту боюнча мелдеш өткөрүп бардым. Барсам 500 спортчу, залдын аурасын байкагандан кийин ушул спортту көтөрүшүм керек деген ойго келдим. Баш отум менен кирип кеттим. Бир жылдай Кыргызстандын кайсы бурчу болбосун белектерди көтөрүп жардам берейин деп барып жүрдүм. Бир жыл өтө электе эле Кулатуунун түзүүчүсү Темир Муканов, Эмил Токтогоновдор менен бирге “Кулатуунун дүйнөлүк клубун ачып, президенттигине Кыдырмышев Русланды коёлу”-деп сунуш кылышты. Башында баш тартып кереги жок, ансыз деле жардам берем дечүмүн. Алар болбой бул спортту көтөрүү үчүн чын жүрөгү менен сүйгөн адам келиши керек деп эле болосуң деп коюп салышты. Андан бери эки жарым жыл өттү. Кыргызстан боюнча өзүнүн даражасын көтөрдү.

— Сиз келгенден кийин дүйнөгө чыгуу аракеттери башталды десек болобу?

— Ооба, атайын Америкадагы порталдарга спортчуларыбызды, өтө турган мелдештерибизди каттагандан кийин дүйнө жүзү биле түштү. Ар бир спортчунун өзүнүн баракчасы бар. Күнү-түнү спортчуларыбыз машыгып, аракет кылышат. Дүйнө жүзү биздин мелдештерди көргөндө “Аа Кыргызстан деген ушундай экен, жогорку даражадагы мелдештерди өткөрөт турбайбы”-деп билишет. Ошондуктан мелдештерибизди дүйнө жүзүнө окшоштуралы деп түстүү музыкаларды, чоң экрандарды жайгаштырып, көрүүчүлөр өздөрүн Америкада мушташ көрүп олтургандай сезишсин деп аракет кылдык.

— Жакын арада Грузия менен беттеш болот экен. Даярдык кандай?

— Ооба, 25-мартта Грузия менен беттеш өтөт. Буга чейин грузиндер 4 жолу келип үчөөндө утуп кетишкен. Кичине грузиндерден коркуп жүрчүбүз. Анткени аларда чоң акчалар коюлуп катуу машыгышат. Азыр коркунуч жок, анткени биздин балдардын дагы деңгээли өстү. Буйруса 10 грузин мушкери биздин 10 мушкерибизге чыгып беттеш өткөрөт. Ушул мелдеште утаарыбызга көзүм жетип турат. Чечняда өтүп жаткан мелдеште дүйнөлүк спорт каналдарынан баяндамачылар биздин спортчуларды мактап менин фамилямды да атап өтүшкөндө бул спортто жөн эле жүрбөптүрмүн деп ойлоп калдым. Ортодо Рамзан Кадыровдор “Азияны чаңдатып аткан бала ким көрөлүчү?”-деп конокко чакырып калышты.

— Рамзан Кадыров оңой менен дүйнөлүк спортчуларды конокко чакырбайт дешет?

— Биз барып учактан түшөөрүбүз менен атайын дайындалган машиналар менен тосуп алды. Алдыбызда араптар өтүп бара жатканынан ошолорго го десек жок бул машинага силер олтурасыңар деп калышты. Рамзандын өзүнүн “Колизей” деген чоң спорт клубу бар. Барып алдыңкы катардагы орундарга олтуруп ардактуу коноктордун катарына олтурдук. Мындан сырткары ардактуу орунда Рамзан Кадыров жана Россиянын белгилүү адамдары олтураарын айтышты. Руслан келчи бери деп өзүнүн жанына олтургузуп түз эфирден айтышса бул жакта олтургандар чалкасынан түшүп калышты. Рамзан Кадыров мамлекеттин президенти болсо дагы спортко жан дили менен берилгенине суктандым, таң калтырды. Уткан спортчусуна келчи деп кучактап белек берип, президент дух берип койсо күчү ого бетер көбөйөт. Ал мага “Руслан, азамат, спортту көтөрүп жатасың. Менден эмне жардам керек болсо айт. Спортту көтөрүшүбүз керек”-деп айтты. Бир айдан кийин Кыргызстандагы Рамзан Кадыровдун атасы Ахмат Кадыровдун жаркын элесине арналган мелдешти өткөрүүгө кириштик. Чечнянын спортчуларына кошулуп Рамзан Кадыров Кыргызстанга келем деп калганда “Рамзан Кадыровду тособузбу же мелдеш өткөрөбүзбү?”- деп коркуп жатсак келбей калды. Бизден чемпиондук курду утуп кеткен жигит барып Рамзанга кийгизди. Бул абдан чоң ийгилик болуп эсептелинет.

— Президенттер спортко өтө көп акча жумшайт. Капчыгы жука адамдар президент болуп дайындалбайт дагы. Бир жылда канча сом жумшап жатасыз?

— Мисалы башка федерацияларга келгенде өкмөттөн атайын жардамдар берилип, акчалар которулат. Ошондуктан башка федерациялардын президенти болуш жеңилирээк го деп ойлойм. Анткени мамлекет көмөктөшүп турат. Бизде болсо чындап келгенде коммерциялык спорттун түрү деп коюшат. Бирок биздин спорт спорттун профессионалдык түрүнө кирет. 2016-жылы 21 мелдеш өткөрүптүрбүз. Кулаттуу таймашын Ирандан, Москвадан, Казакстандан, Өзбекстанда өткөрүп келдик. Чындап келгенде мен эле каржылайм. Ашыкча акча бизде деле жок. Анча-мынча кредит алабызбы иши кылса акча табабыз. Бирок буйруса жыйынтык дагы жок эмес, бар. Бул мени абдан кубандырат.

— Дагы деле бул бойдон дүйнө кыдырууңуздар токтоп калбаса керек?

— Жок, буйруса жакын арада апрель айында Душанбеде мелдеш өткөрөлү деп жатабыз. Бир жолу мелдеште тажик жигит утуп алса олимпиада чемпионун тосуп алгандай тосуп алышты. 500дөй күйөрмандар, теле каналдар менен күтүп алышса таң калдым. Биздин чемпиондор утуп келишсе деле такси кармап үйүнө кетип калышат. 20-майда абдан чоң мелдешти Астанадан өткөрөлү деп сүйлөшүп жатабыз.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: