Аталган министрликтин 2016 – жылга болгон отчету канааттандыраарлык эмес деп бүгүн 14 апрель «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын отурумунда бааланды. Бул туралуу маалыматты партиянын пресс-кызматы билдирди.
Эл өкүлдөрү аталган министрлик жолдордун курулушун сапатсыз жүргүзүп жаткандыгын айтышып, министрлик начар иштеп жаткандыгын айтышты. Өлкөнүн тышкы карызы 4 миллиард доллар болсо, ошонун жарымы жол курууга кетиптир. Бирок, бүгүнкү күндө курулган жолдор бир жылга жетпей тешилип жаткандыгын сындашты. Жада калса, өкмөт өзү эл арасында министрликтерге болгон ишеним боюнча сурамжылоо жүргүзгөндө, аталган министрлик минус деген баасын алган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ