Төлгөсү төп келген Света айым менен президенттин иши жана камакка алынган саясатчылар, келечекте дагы кимдерге тузакка түшөөрү тууралуу сүйлөштүк.
– Илмияновдун жолу ачык. Азыр камакка алынбайт. Анын үч мамлекетте акчасы бар. азырынча Кыргызстанга келем деген оюу жок. Азыркы бийликке каршы болгондорду каржылашы мүмкүн.
“ЖАНАР АКАЕВ КАМАЛЫП КАЛЫШЫ МҮМКҮН”
– Жанар Акаевге эки ийгилик жылмайганы менен сак болбосо, ага тузак уюшулат. Ошол тузактын кесепети аны кылмыш ишинин ачылышына түрткү болот. Ал тургай камалып да кетиши мүмкүн. Ошон үчүн жалындуу сөздөрдү сүйлөбөй алды-артын карап иш кылышы керек.
“МИСКЕНБАЕВ ООЗУНАН ЧАЛЫНГАН”
– Мискенбаев “оозунан чалынган” деген аян келип жатат. Анын каршылаштары каматууну көздөп жатат. Сооронбай Жээнбеков баарын камайм деп турат. Бирок, чактап камабаса камаган саясаты өзүнө муш болот. Анткени, күчтүү адамдарды камоо жакшылыкка алып келбейт. Президент коррупция менен күрөшүүнүн башка жолун тандашы керек.
“ИСАКОВ ЧЫГАТ”
– Сапар 8-9 ай камалат. Андан кийин акталат. Азыр ойлонуп, кыжаалат болуп турат. Айбек Калиев баарын акча менен чечем деп турат. Бирок, анын мойнунда эки документ илинип турат.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ