Menu

Өкмөттүн Аппаратынын жетекчиси Акылбек Осмоналиев апрель окуясында каза болгондордун жакындары жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү менен жолугушту

Бөлүшүү:

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эл алдында апрель революциясынын катышуучуларынын эмгегин жогору баалайт. Биз өлкөнүн келечеги үчүн өз жанын берген мекендештерибиздин жогорку баасы толук түрдө акталарына ишенебиз. Азыр Кыргыз Республикасы – демократиялуу башка мамлекет болду», —деди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси-министр Акылбек Осмоналиев бүгүн, 7-августта, 2010-жылдын апрель окуясында каза болгондордун жакындары жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү менен болгон жолугушууда. Мындай маалыматты Өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси-министр Акылбек Осмоналиев Премьер-министрдин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын катышуучуларына эл алдындагы эмгеги үчүн Өкмөттүк сыйлыктарды тапшырып, баарына тынчтык жана ийгилик каалады.


Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси-министр Акылбек Осмоналиев «Мекен шейиттери», «Айкөл Ала-Тоо», «Апрель Баатырлары» жана «Апрель байрагы» коомдук бирикмелеринин өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы, ысымы жазылган сааттар менен сыйлап, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан бир катар активисттерге ыраазычылык жарыялады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: