Бул тууралуу Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн,Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенинде жайгашкан, алтын өндүрүүчү «Kumtor Gold Company» компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышкан учурда айтты, – деп билдирди Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.
«Келишимге ылайык «Centerra Gold Inc.»компаниясы 50 млн. АКШ долларын бөлө турган болду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аталган каражат Ысык-Көлдүн жээгине жакын жайгашкан шаар, айылдардын суу түтүктөрүн курууга жумшалат. Бул иштер этап-этабы менен жүргүзүлөт. Эң башкысы тазалоочу түтүкөр Кумтөр кенине жакын жайгашкан айылдарга жана калк көп жайгашкан жерлерге орнотулат», — деди Премьер-министр Сапар Исаков.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ