Президент Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 29-ноябрында кабыл алынган.
Аталган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 139 889,1 млн. сом суммасында жана чыгашалар боюнча 161 333,2 млн. сом суммасында бекитилди, республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмү 21 444,1 млн. сом суммасында белгиленди.
2017-жылга республикалык бюджеттин параметрлери республикалык бюджеттин учурдагы аткарылышын, ошондой эле экономикалык өнүгүүнүн көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүүлөрүн эске алуу менен кайра каралган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ