Menu

Балтабаевдин мизин майтара алышпастыр?

Бөлүшүү:

Негизи парламентте дайыма ава алмашылып, желдетилип турбаса бүксүгөн жыт чыгып, айланы кетирери чын. Ошондуктан шектүү иштерге кекиртегинен илинген эл өкүлдөрүнөн тазаланууга туура келет. Ал эми бирдемкени очойто басып алып, алдастагандар парламентте оголе көп экенин танууга болбойт. Баш партиядагы айрым эргулдар  деле мамлекеттин эсебинен курсагын кампайтканын байкаганбыз. Берки фракцияларда деле коендой элеңдеген эпчилдер шырп алдырбоого аракетин катуу салганын билдик. Бирок, кыңыр иши билинип калып мандатынан ажырагандар деле арбып баратат. Алардын ким экенине убакыт коротпой эле коелучу?

Кезинде кичине орунду ээлегени менен жебени сая кетирбей онго тийгизген “Ата Мекен” партиясынын былыктары былтыйып эле жатып калды. Лидери баш болуп, кайсы бири гөш болуп эле быкпырдай кайнап кетти. Керек болсо өлкөнүн баш прокурору болгондордун мандаты камгактай колунан учту. Эми дагы бир депутаттын тагдыры тайкы болгону калды окшойт. Ошол кишинин ордуна келип мандатка ээ болор Ташполот Балтабаевдин  ооматы жанган турат. Бул экс-депутат көөдөнүн кирдеткен көрүнүштөрдү бүшүркөбөй эле ортого салган. Ошол үчүн фракцияда ич ара мамиле кандай болор экен деген суроо жаралат?  Антсе да жалтактаганды анча жактырбаган Балтабаев  жүзүн жашырбайт болушу керек деген ой жаралды. Таранчыдан корккон киши эгин экпейт да, туурабы?

Булак: Ачык сөз

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: