Menu

Юстиция министрлиги Нарын шаарында жана Кочкор айылында акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча эки борбор ачууда

Бөлүшүү:

2018-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Ист-Вест Менеджмент Институту тарабынан ишке ашырылуучу USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда Нарын облусунда Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча эки борбордун (АЮЖБ) салтанаттуу ачылышын өткөрөт. Нарын шаарында ачылыш аземи Мамбеталы уулу Таранчы көчөсү, 10 дареги боюнча Нарын облустук юстиция башкармалыгында эртең мененки саат 10:00до жана Кочкор айылында ошол эле күнү Исакеев көчөсү, 46 дерегинде жайгашкан Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында саат 15:00до өткөрүлөт.

Борборлордун ачылыш аземи Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбековдун, USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын директору Кимберли Розендин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун, Нарын облустук сотунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коом уюмдарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Мыйзамга ылайык Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлору жарандар үчүн укуктук жардамга бирдей жетүүнү камсыз кылат, ошондой эле калктын аялуу тобунун укуктук жактан корголуу деңгээлин жогорулатат. Борборлорго келгендер мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасына кирген юристтин, мамлекеттик нотариустун же адвокаттын консультациясын алса болот. Азыркы учурда Чүй, Ош, Талас, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында акысыз юридикалык жардам көрсөтүүнүн 20 борбору иштейт. Акысыз юридикалык жардам сурап кайрылган жарандардын саны жыл өткөн сайын көбөйүүдө.

USAIDдин Биргелешип башкаруу программасы КР Юстиция министрлигинин калктын укуктук жардамга жетүүсүн жакшыртууга багытталган демилгесин колдойт. Программа буга чейин Баткен облусунун Исфана жана Кадамжай шаарларында, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында жана Базар-Коргон айылында акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча төрт борбордун ачылышын колдоп келген. USAIDдин Биргелешип башкаруу программасы ошондой эле борборлор тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын арттыруу максатында учурдагы Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлорун чыңдоого көмөктөшүп келет.

Борборлордун иши жана алар менен байланышуу тууралуу кыйла кенен маалыматты Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыктарынан, ошондой элеhttp://legalmap.gov.kg/ru/ дареги боюнча юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн интерактивдүү картасынан, ошондой элеwww.minjust.gov.kg сайтынан алса болот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: