Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун тургуну, 81 жаштагы Элмурод Чориев Кыргызстанга велосипед менен келе жатат. Бул тууралуу блогер Санжар Саид “Фейсбукка” кыска видео жарыялады.
Велосипедде сегиз күн жол жүрүп, азыр ал Ташкентке жетти.
– Жаш кезимден бери велосипед тебүүгө кызыгам. Бүгүн алыс саякатка жол тарттым. Кыргызстанга барууну пландадым. Анжиянга барып, андан ары Кыргызстанга өтөм. 1958-жылы Ош шаарына баргам. Ошол жерлерге кайра баргым келди. Анан Кыргызстандын башка жерлерине барам, сүрөткө түшөм, – деген аксакал буга чейин да өз өлкөсүндө велосипед менен саякаттап жүргөнүн, адамдардын үйүндө түнөп калганын айтты.
81 жаштагы карыя алгач велосипед менен Кытайга барууну көздөгөн. Бирок каржы жана виза алуудагы көйгөйлөрдөн улам, ал планынан баш тартып, коңшулаш Кыргызстанды кыдырууну чечкен.
Элмурод Чориев он баланын атасы экенин, биринчи байбичеси кайтыш болгонун, азыр экинчи аялы менен жашап жатканын билдирди.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ