Menu

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен жолугушту

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков 14-майда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын алкагында Россия Федерациясынын Президенти  Владимир Путин менен жолугушту.

Жолугушууда  Кыргызстан менен Россиянын ортосунда  кызматташуунун келечеги, ошондой эле ЕАЭБ алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Россиянын Президенти Владимир Путин Сооронбай Жээнбековду тосуп алып, өз ара кызыкчылык туудурган маселелерди талкуулаганга мүмкүнчүлүк бар экендигин белгиледи. Ал өлкөлөр ортосунда товар жүгүртүү өсүп жаткандыгына токтолуп, биргелешкен долбоорлордун катарында  Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун ишин белгиледи.

“Өлкөлөрүбүздүн ортосунда  эки тараптуу форматта талкуулоо үчүн жалпы, салттуу темалар бар. Бүгүн биз  Евразиялык экономикалык бирликте кызматташуубуздун маселелерин кеңири курамда талкуулайбыз. Экономикалык уюм бизге ар тараптуу кызматташууга мүмкүнчүлүк берет”, -деп баса белгиледи Россиянын Президенти Владимир Путин.

Президент Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди расмий түрдө Россия Федерациясынын Президентинин кызматына кириши менен куттуктады.

“Эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин дагы бир ирет талкуулоого жана жолугушууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө кубанычтамын. Сиздин жетекчилигиңиз алдында Россия мындан дагы зор ийгиликтерге жетет деп ишенем. Жыл башынан бери биздин кызматташтыктын дээрлик бардык баскычтарында диалог активдештирилгендигин канааттануу менен белгилейм», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

«Кыргызстандын негизги өнөктөшү – Россия менен ар тараптуу кызматташтыкты бекемдөө боюнча багытыбыз кыйшаюусуз сакталат деп дагы бир ирет ырастайм», – деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков. Ал жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу үчүн Россиянын Президентине ыраазычылык билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: