КР Финансы полициясы Россия Федерациясына авиабилеттердин баасынын негизсиз көтөрүлүп кетүү фактысы боюнча текшерүү иш-чараларын жүргүзүүдө. Бул тууралуу ЭККМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Ошентип, тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө ЭККМКнын кызматкерлери Бишкек шаарындагы авиакассалардын биринен
Бишкек- Москва багыты боюнча 67 800 сом суммасындагы авиабилетти текшерүүчү сатып алууну жүргүзүштү, анда учуунун наркы туроператор тарабынан жасалма жол менен көтөрүлгөндүгү аныкталды, ал жогорку суроо-талаптан пайдаланып, авиабилеттердин наркын мыйзамсыз жогорулаткан.
Бул факт КЖБРге катталган, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
Азыркы убакта, республика боюнча ушул сыяктуу фактыларды аныктоо иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ