Menu

Абийир кайда? Профсоюз «боссунун» эки жүздүүлүгү

Бөлүшүү:

Соңку убакыттарда маалымат булактарында профсоюз темасында көп макалалар орун алып,  андагы ишмердүүлүк аракеттеринин жоктугун, андагы абийирсиздикти, системаны ичтен мойсогон коррупцияны чагылдырып келүүдө. Антсе дагы, Профсоюздар федерациясынын (ФПК) кулашы кечээ-бүгүн эле эмес, эмгекчилер үчүн эң керектүү жана олуттуу бул коомдук уюмга Канат Досбаевич Осмонов аттуу “ишмер” башчылык кыла баштагандан бери башталган. Көп сандаган профсоюз кызматкерлери белгилегендей, ФПКнын кыйрап, бекем болоттон жыландуу сормо сазга айланышына анын кошкон үлүшү абдан чоң.

Биздин редакцияга келип түшкөн (справкаларды, токтомдорду, актыларды, кайрылууларды) терең талдап көргөнүбүздө, 2010-жылдан тартып жайбаракат, андан кийин өтө тездик менен ФПК түпсүз туңгуюкка түшүп баштагандыгын алаканга салгандай эле көрүүгө болот.

Мисалы, 2012-жылдын 19-мартында К.Д.Осмоновду төрагалык кызматтан алганда справкада “К.Д.Осмонов профсоюздун чыныгы лидери боло алган жок, ал өзүнүн көшөкөрлүк аракеттери менен ФПКны чыны менен кыйроонун чегине жеткирди. Анын ишинде ФПКнын уставын системалуу түрдө одоно бузуу нормага айланган. Ал ФПКнын шайлоо органдарынан өзүн жогору коюп, алардын токтомдоруна баш ийбей, аларды аткарбай, Кеңеш менен Президиумдан кыйгап өтүп, Уставдык талаптарга кайчы келген өз чечимдерин чыгарган…” – деп баса белгиленген. Ушул документте Канат Досбаевич Осмонов тарабынан бир нече миллион сомдук финансылык кыянаттыкка жол берилгендиги белгиленет.

Айталы, «Жалал-Абад» санаторийинин эмгек жамааты 2010-жылы ФПК Кеңешинин мүчөлөрүнүн дарегине Канат Осмонов бир миллион сом өлчөмүндө пара алгандыгы жөнүндө ачык кат жөнөтүшкөн, бирок, кандайдыр бир “керемет күч” менен жоопкерчиликке тартылбай калган. Өзүнүн курбусу Ч.А.Токобаеваны коргоо менен ал кассага кириштелбеген 1 млн 200 миң сом өлчөмүндөгү каражат ың-жыңсыз жоголуп, сол чөнтөккө солонуп кеткен «Абшир-Ата» пансионатын сатуу боюнча өткөрүлгөн аукциондун айланасында болгон жаңжалга түздөн-түз катыштыгы бар болуп чыкты.

Бирок, мыйзам алдында жооп берүүгө туура келет. Профсоюздардын Кара кардиналы К.Д.Осмонов өзүн адилеттик жана акыйкаттык үчүн күрөшүүчү катары көрсөткөндүгүнө карабастан, кулагына чейин бокко малынып отурат.

Андыктан, Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын 2012-жылдын 22-июнундагы кезексиз XXII съездинде өзүнүн уставдык милдеттерин аткара албагандыгы үчүн Канат Досбаевич Осмоновду ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө ФПК Кеңешинин токтому бекитилген. Көрсө, акыйкаттыкты сүйүүчүнүн чүмбөтүн кадимки эле дүнүйөкор жамынып жүрүптүр. Анын жалганчылыгы жана эки жүздүүлүгү чектен ашкан. Мына азыр дагы профсоюздарда К.Д.Осмонов ФПКнын  мүлкүн сатуу боюнча ич ара коррупционерлер тобуна бекем колдоо көрсөтүүнү убада кылган. Муну менен бирге Комиссиянын төрагасы катары К.Д.Осмонов олчойгон бонуска, тагыраагы, жеке өзүнө киреше тапмак. А качан ызы-чуу болуп, элге таралып кетишинен коркуп, ал артка кетенчиктеп, баарын М.А. Асанакуновго оодарып, өзү апакай жана үлпүлдөк болуп кала берген. Бирок, “шибегени капка катуу мүмкүн эмес”.

Анын кылмыш мүнөзүнө ээ айыптары дагы арбын, айталы, 2012-жылы К.Д. Осмонов «Кыргызпрофкурортсоветтин» ошол кездеги төрайымы Ч.А.Токобаева менен биргеликте “Ысык-Көл” турбазасынын аймагындагы бир гектарга жакын жерди сатып жиберишкен. Түшкөн акчага жаңы пансионат курууга болот эле. Бирок, ал жерди сатканда түшкөн акчанын  изи сууп, каяккадыр жок болгон, каражат белгиленген милдет боюнча колдонулган эмес. Аны ким өзүнө энчилеп алганы айтпаса дагы түшүнүктүү. Бул иш боюнча азыр дагы  текшерүүнү уюштурса болот. Чындык калкып чыгат.

Канат Осмонов жеке пайдасы үчүн кандай болбосун мыйзамсыз иш-аракеттерге барат. Ал 2010-жылдан 2013-жылга чейин документтерди жасалмалоо жолу менен 700 миңден ашуун сомдук дачалык жолдоштуктун мүчөлөрүнө таандык 15ке жакын жер тилкесин өзүнө энчилеп алып, андан кийин кайрадан саткан.

Алдамчылык иштерин  «Самшит» дачалык жолдоштуктун төрагасы катары кызмат абалынан кыянат пайдалануу аркылуу гана эмес, жамааттын көпчүлүк мүчөсү токой чарбасынын жумушчуларынан турган токой чарбасынын профсоюзунун жетекчиси катары дагы жасап, жоопкерчиликке тартылбай калган.

К.Д.Осмонов тарабынан дачалык тилкелер мыйзамсыз түрдө ээлик кылынып жана кайрадан сатылгандыгы тууралуу факт укук коргоо органдары тарабынан расмий түрдө аныкталган. Тактап айтканда, ал КРнын Кылмыш Кодексинин 221 жана 353-беренелеринде каралган кылмыш ишине барган. Бирок, мөөнөтү эскиргендиги үчүн абакка алынган эмес. Ушундан улам кылмыш ишин кылган адам кантип Токойчулардын республикалык профсоюзун жетектеп турат жана ал кантип эмгекчилердин укуктарын коргойт? – деген суроо туулат.

Эл ичинде бекеринен “карышкырга кой кайтартып” деген ылакап кеп айтылган эмес. Элдин ырыскысына кол салып отурган К.Д.Осмонов мындай жогорку кызматты ээлегенге моралдык укугу барбы? Ал кан жолдогу жортуулчудай өзгөнүн мүлкүн өзүнө ыйгарып, рейдерлик баскынчылык кылды.

«Самшит» дачалык жолдоштугунун мүчөлөрү үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинде  көкөйгө тийген ыза, терең нааразычылык менен өлкөнүн Президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин дарегине тиешелүү чара кабыл алып берүүсү жана профсоюздарды баштан-аяк чирип бүткөн кандай кадрлар жетектеп турушканын билиши үчүн кайрылуу жолдошту.

К.Д.Осмонов уставдын талаптарын системалуу түрдө бузуп келген. Ал келтирген моралдык жана материалдык зыяндын орду кийин орду толгус болуп чыкты. Бара-бара ФПК өзүнүн негизги ишмердүүлүгүнөн четтеди, тагыраагы, жалданма жумушчулардын укуктарын коргоо унутулуп калды.

Жыйынтыгында ичтен ириткен, бөлүнүү-жарылуу болуп, тараптардын антагонизмине, келишпестикке, ал тургай нормалдуу жүрүштөрдү жана процесстерди кабыл албоого алып келди. Эми бардык жагынан уруучулук, топ-топторго бөлүнүүчүлүк жана сатып алуучулук гүлдөп жатат. Профсоюз чөйрөсүндө ушак-айыңдарды, имиштерди, болбогон нерселерди таратуу кадыресе көрүнүшкө айланды. Алар негизги иши менен алектенүүнү токтотушту, айла жок.

Жакында эле биринчи май майрамы өттү. Дүйнө жүзүндө Тынчтык, Май, Эмгек чакырыгынын алдында чет өлкөлөрдүн профсоюздары алдыңкы позицияда турушту. Телевизорлордун көгүлтүр экрандарынан алардын адамдын эмгек укуктарын жана эркиндиктерин татыктуу коргой ала турганы көрүнүп турду. Бирок, мындай деп биздин өлкөдөгү ФПК тууралуу айтууга ооз барбайт. Профсоюздардын кыйрашы жана деградациясы өз кульминациясына келип жетти, эми иттин өлүгү көмүлгөндөй жыт «аңкып» баштады. Мындан мамлекетке дагы, эмгек адамына дагы пайда жок.

Мисалы, К.Д.Осмонов азыркы профсоюз лидерлеринин өз алдынча калыбына келүүгө жана реформаланууга ыкыбалы жок экендигин, алар өзүнүн кайтарымсыз чекитине келип жеткендигин көрсөтүп турат. Буга ФПКга байланышкан иштердин кыйрашы күбө, ал эми басма каражаттарындагы соңку макалалар муну ырастайт.

Профсоюздар Федерациясынын жетекчилигинде тургандар жаратмандык үчүн иштөөгө аракет кылышкан жок, ал эмес аракет кылууну каалашкан дагы эмес, а тескерисинче, КРнын мыйзамдарын жана Уставды үзгүлтүксүз бузуп, шалаакылык, кайдыгер аракеттери менен ФПКны кыйроого тушуктурду. Мындай жыйынтыкка келүү үчүн эч кандай чоң адис болуунун деле кажети жок.

Эми алдыда мындай көрүнүштү болтурбоо үчүн аргасыз чара катары профсоюздардын менчиктигин кароо маселеси турат, саламаттыкты сактоо Фонду менен дагы эмгекчилердин ортосунда маселелер келип чыгууда. Бул профсоюз мүчөлөрүнүн өздөрүнүн дагы, бийликтин Борбордук органдарынын дагы баш оорусу. Мамлекетке күчтүү жана шериктеш профсоюздар зарыл. Аны профсоюздун мүчөлөрү да, профсоюздун жетекчилиги да, мамлекет жетекчилиги да түшүнүп турат. Мамлекеттин экономикасын көтөрүүдө, элдин турмушун жакшыртууда, профсоюздардын мааниси зор. Бирок, аны түшүнбөстөн, эмне болсо да бийликке жетүү максатын биринчи орунга койгон, Канат Осмоновдой жетекчилер Профсоюздар Федерациясын башкармалыгына кайра эмне болсо да барам деп  умтулганы, кейиштүү…

Токтонасыр ЭРКИНБАЕВ, профсоюздун мүчөсү

Булак: “Жаңы Ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: