Menu

Төрага Дастанбек Жумабеков Түркиянын Кастамону облусунан келген делегацияны кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркия Республикасынын Кастамону шаарынын вице-мэри Ахмед Севгили Оглу баштаган Кастамону университетинин бир катар профессор-окутуучуларын, ишкерлерди жана “Ой-Толгоо” коомдук фондунун өкүлдөрүн кабыл алды.

Жолугушууда Кастамону университетинин ректору Сейит Айдин, өзү жетектеген билим берүү мекемеси Түркиядагы жана дүйнөдөгү алдыңкы жогорку окуу жайлардын катарына кошулууга аракет кылып жатканын белгиледи. Айрыкча, илимий-билим берүү ишмердүүлүгү жигердүү жүргүзүлүп, АКШ, Аргентина, Португалия, Кыргызстан, Казакстан, Индонезия жана Малайзия өңдүү өлкөлөрдөгү 75тей университет менен эки тараптуу келишимдерге кол коюлган. Аталган келишимдердин алкагында эки жылдык профессордук мектепти аяктаган студенттер бакалавриат программасына тапшыруу аркылуу аны бүтүргөн соң чет өлкөлөрдөгү башка окуу жайларда магистратура программасы боюнча билимин улантууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Ошондой эле, жолугушууда кыргыз тилинде маек курган түрк делегация өкүлдөрү Төрага Дастанбек Жумабековго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти. Кастамону университетинин ректору Сейит Айдин: “Кыргыздар түрк калкы үчүн бир тууган эл жана боордоштук мамиле мындан ары да улана берет. Анткени биздин ортобузда өз ара сый жана ишенимге негизделген алака калыптанган”, – деди.

Өз кезегинде Төрага Дастанбек Жумабеков да эки өлкөнү достук алака байланыштырып турарын эске салып, тыгыз кызматташтык бардык тармактар боюнча, анын ичинде соода-экономика чөйрөсүндө өнүгүп жатканын белгиледи.

“Биздин максат – эки элдин ийгилиги үчүн кызмат кылуу. Андыктан, биз байланыштарды дагы да өнүктүрөбүз, бул үчүн бардык шарттар түзүлгөн”, – деп кошумчалады Төрага.

Мындан сырткары, жолугушууда түркиядан келген ишкерлер инвестиция да тыгыз кызматташтыкка өбөлгө болорун белгилешип, Кыргызстандагы бардык тармактарга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: