Menu

Финансы полициясы: Мискенбаевге козголгон кылмыш ишинде эч кандай саясий негиз жок

Бөлүшүү:

Ушул жылдын 3-июлунда “Азаттык үналгысынын” маалыматтык порталында “Мискенбаев: Мага карата козголгон кылмыш иши – бул саясий куугунтук” деген аталышта макала жарыяланган. Бул туралуу ЭККМКнын басма сөз кыматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) (мындан ары – ЭККМК) М. Мискенбаевдин бул субъективдүү оюу,   объективдүү чындыкка туура келбей тургандыгын билдирет, анткени алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинде эч кандай саясий сыр жок, бул иш боюнча “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин өкүлү М.Алыйкулова  арызданган, “Айкөл Ала-Тоонун” мүчөлөрүнө социалдык жардам көрсөтүү үчүн бөлүнгөн акча каражаттарын аталган коомдук бирикменин жетекчиси мыйзамсыз ыйгарып алгандыгы жөнүндө биринчи арыз 2016-жылдын июнь айында эле түшкөн, бирок белгисиз себептер менен кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Аталган жаран ушундай эле арыз менен республиканын укук коргоо органдарына 2016-жылы да (Башкы прокуратура, КРдин УКМК) кайрылгандыгын белгилеп өтсөк, ал кылмыш ишинин материалына бириктирилген. Ушул жылдын июнунда жаран М.Алыйкулова  кайрадан ЭККМКга арыз менен кайрылгандыктан, баш тартуу материалы жокко чыгарылып, кылмыш иши козголду.

“Укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы № 161 Жарлыгын жана “Кыргыз Республикасынын Сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин 2018-жылдын
8-февралындагы чечимин аткаруу үчүн артыкчылыктуу түрдө мурун кыскартылган кылмыш иштерди, ошондой эле кызматтык, анын ичинде коррупцияга, мамлекеттик жана/же башка муниципалдык менчикти уурдоо менен байланышкан кылмыштар боюнча кылмыш иштерди козгоодон баш тартуу жөнүндө чечимдерин текшерүү иштери жүрүп жатат,  натыйжада азыркы убакта бир катар кылмыш иштери кайра жаңыланып, кайра кароо үчүн бир катар баш тартуу материалдар жокко чыгарылды.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 62 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: