Menu

Табылды Акеров, саясат таануучу: “Чиновниктердин үй-бүлөсү менен бюджеттин эсебинен саякаттоосу Атамбаевдин учурунда көп эле кездешти”

Бөлүшүү:

– Министрби, орун басарыбы, ким гана болбосун, бюджеттин эсебинен үй-бүлөсү менен чет өлкөлөргө эс алууга барат дегенге анчалык ишене албайм. Себеби, министр болгон адам, мыйзамдарды жакшы билет да. Ал кылмыш экенин жана билинип калса, жоопко тартылаарын. Бирок, биз Кыргызстанда жашап жатканыбызды эске алганда, бул деле мүмкүн болушу ыктымаал. Себеби, азыр мамлекеттик чоң кызматтарга тааныш билиш менен, тууган-уруктук байланышы аркылуу келип жатышат. Жердешчилик да күч. Ошого чиновниктердин билим деңгээли өтө төмөн. Өздөрүн кызматка бекири менен кудай сезип алышат. Анын артында чоң лөк колдоочусу турганда, эч нерсе болбойт деп, баарын кадимкидей эле кабыл алып, өздөрү билгендей жана каалагандай кыла беришет. Көп нерселер, чатак кырдаал болуп кетпесе билинбей деле калат.

Албетте, бул туура эмес. Бул мыйзам бузуу. Мындай учурлар көп эле кездешип келди. Өзгөчө Атамбаевдин учурунда.

Эсиниздерде болсо, Бажы кызматынын бүтүндөй жетекчилиги Дубайга барып жаңы жыл тосуп келген. Атамбаев учурунда баары эле тааныш-билиш менен кызматка келип олтуруп, өтө көп мыйзам бузуулар орун алган. Мамлкеттик кызмат министрдин жеке вотчинасы катары кабыл алынып калган.

Бүгүн коррупция менен күрөш деп, тартип бир аз катуураак болуп калганы менен, айрым министрликтерде жана ведомстволордо дагы деле болсо эскинин саркындылары сакталып жатышы мүмкүн.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 + = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: