Menu

Асланбек Сартбаев, “Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору: “Текебаев түрмөдө жөн жатпай, Мадумаровду мактоо менен элди адаштырып атат”

Бөлүшүү:

–Аслан мырза, Өмүрбек Текебаев интервью берип, Адахан Мадумаровду коомчулук күтпөгөндөй алкаганы, мактаганы, о.э. экинин бири катары көрсөткөнү кандай? Мунун артынан эмнени көрүп турасыз?

–Текебаевди улуттук масштабдагы саясый оюнчу катары тааныйм. Бирок, ушул маеги менен ал катардагы авантюрист, коньюктурщик экенин көрсөттү. Түрмөдө жатат эми, анан айткандары баардык жагынан шайкеш келе бербейт да, эл кантип ишенсин? Мадумаровду көкөлөткөнү, мактаганы, экинин бири катары көрсөткөнү өзүнө кыйылган түрдө “бычак урганга” барабар. Өткөн бир дебаттарда Мадумаров паска түшүп, “видеоңду билебиз” деп киндиктен ылдый тепкенин унутуп калдыкпы? Табиятынан экөөнүн кайнаса кандары кошулбаган, аргасыздан саясый кызыкчылыктар үчүн утурумдук мамиле кылган адамдар. Текебаев “биздин идеябыз 90 пайыз дал келет” деп жанын жеп атпайбы. Саясый айдыңда анчалык жакын экен, а эмне буга чейин тебишип келишкен? Булар убактылуу гана “саясый козголоң” жасагылары келип атышат… –Кандайча? Экөө бири-бирин мактаса эле кайсы бир деңгээлде жеңишке жетишеби?

–Кыргызстанда 6 миллиондон ашык калкыбыз бар. Мадумаровду шайлоолордо 100 миңдей адам колдосо, Текебаевге 50 миңдей шайлоочу добуш салып берет. Биздин оңоло албай жатканыбыз, жалпы улуттук деңгээлдеги саясатчынын чыга албаганы үчүн жардыбыз, кепке кемтик, сөзгө сөлтүкпүз. Текебаев жөн жерден маек берген жок, ал азыр Мадумаровду алдыга түртүп, жазга карай тополоңчулардын модератору катары алып чыгууга шыкактап атат. Ошол эле кезде Атамбаев дагы Мадумаровду көшөгө артынан колдоп, саясый сахнадан көргүсү келүүдө. Тилекке каршы, мындай саясый реванштарды элге толук кандуу жеткизип, кызыл кулактык кылып атышкандарын түшүндүрсөк, коомдук кырдаалды туруктуу сактаганга негиз түзүлөт эле.

–Мадумаровдун жактоочуларын ашып кетсе 100 миңге теңеп атасыз го? Анда ал саясый аба ырайын деле буза албайт го?

–Элдин ичинде активдүү ташбараңчылар бар да, кеп санда эмес, ошондой башы жок патриоттордун салымында болот. Кезинде Мадумаров 7-апрелдин баатырларын жырткычтарга, аракечтерге теңеген. Чындык үчүн көтөрүлгөн, карапайым элибизди кордогон. Эл билет да, кимдин ким экенин!

–Сөзүңүзгө аралжы, Текебаев бийлик структуралары боюнча да кеп козгоптур. Кандай дейсиз?

–Тагдырдын тамашасын кара. Ал өзү ошол системаны 2010-жылы жазды, түздү да. Анан азыр аксынып, буйтап кетип атканын кандайча түшүнөбүз? Саясый кызыл кулактык кылуунун да чеги болуш керек го?

–Сиздин баамыңызда саясый оюндар башталыптыр. Жазга карай кандай божомол кыласыз?

–Алмазбек Атамбаев менен Садыр Жапаровдун баш көтөрүүсү башка саясатчыларга караганда таасири күч болот. Андан аркысын бара көрөлү…

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: