Бүгүн, 16-февралда ЖАМКнын жаңы төрагасы Мелис Турганбаев N47-түрмөгө барып, түрмөнүн ал-абалы менен таанышып, ал жерде жайгашкан Борбордук оорукананын пациенттеринин акыбалынан кабар алганын кең-кесири чагылдырып, сүрөттөрү менен пресс-релиз таратты.
Бирок, тар чөйрөдө Мелис Турганбаев ал абакта жазасын өтөп жаткан экс-депутат Өмүрбек Текебаев менен да жолугушканы айтылууда. Пресс-релизде бул тууралу бир ооз сөз жок.
N47-абакта Текебаевден башка да Мурат Суталинов жана Карганбек Самаков уулу менен жаза өтөп жаткандыгы белгилүү.
Бул жолугушуулар тууралу да ЖАМКнын басма сөз кызматы фотолору менен кең-кесири маалымат берет деп күтө туралы.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ