Menu

Фото – ИИМ: 356 килограмм салмактагы «сымап» уулуу затты сатууга шектелген жаран кармалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери уулуу зат болуучу сымапты мыйзамсыз сатуу аракетин токтоткон. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Өткөрүлгөн атайын операция күчтүү таасир берүүчү жана уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенүүчү жактарды аныктоого жана алардын ишмердүүлүгүн токтотууга багытталган. 2019-жылдын 22-февралында  Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Баткен облусунун Кадамжай шаарында ыкчам-иликтөө
иш-чараларын өткөрүүдө 1961-жылы туулган  М.Э. аттуу жарандын башкаруусундагы «Лексус RX-330» үлгүсүндөгү автоунаасы  токтотулган. Автоунаанын салонуна тинтүү жүргүзүү учурунда 356 килограмм салмактагы «сымап» уулуу заты табылып алынган. Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 277-беренеси «Күчтүү таасир берүүчү жана уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү» боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүргүзүлө баштаган.

Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: