Menu

Аскар Акаев, экс-президент: “Сооронбай Жээнбеков өлкөнү көсөм башкарууда, коррупция менен системалуу, өзүнүн бийлигин чыңдоо эмес, мамлекетти чыңдоо үчүн күрөшүп жатат”

Бөлүшүү:

-Кыргызстанда өткөн акыркы президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаев өзүнүн партиялашы Сооронбай Жээнбековду колдоп чыкты жана Казакстан анын жеңишине каршы иштеп жатат деп  ызы-чуу салды. Жыйынтыгында Жээнбеков жеңип чыкты, бирок, Атамбаевдин саясаттагы ордун минимумга түшүрүп салды. Эми мурунку президентти ага кылмыш иштери козголушу мүмкүн деп коркутуп жатышат. Сиз президенттик шайлоодон мурун эле аягы ушундай бүтөт деп алдын-ала көрө билдиңиз эле. Сиз Атамбаевдин азыркы абалын жана Жээнбековдун президенттик ишмердүүлүгүнүн натыйжаларын кандай баалайсыз?

-Ал кезде Жээнбеков президенттикке эң татыктуу талапкер болгон деп мен терең ишенем жана ал бүгүн өзүнүн көсөм башкаруусу менен муну тастыктап жатат.  Атамбаев аны бийликке алып келип алып, өзүм Грузиядагы Бидзина Иванишвили жана Молдавиядагы  Владимир Плахотнюк сыяктуу аталык (“серый кардинал”) болуп алам деп колдогон. Ал республиканы өзүнүн марионеткасы аркылуу башкарууну каалаган. Бирок Жээнбеков жетиштүү деңгээлдеги күчтүү саясый фигура болуп чыкты, Атамбаев менен анын соратниктеринин кысымына туруштук бере алды. Кыргызстанда демократиянын мындан ары өнүгүшү үчүн бул өтө маанилүү болучу.

Кыргызстан – парламенттик республика, ошондуктан президенттин негизги милдеттери тышкы саясат жана улуттук коопсуздук менен байланыштуу. Бул жакта да жакшы ийгиликтер болууда. Биринчиден, Жээнбеков коңшулар – Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан менен жылуу, достук мамилени кайра калыбына келтирип,  Атамбаевден калган мурасты кайра жакшы нукка сала алды. Экинчиден, ал Россия менен экономика, маданият жана коргонуу тармактарында мамилелерди өнүктүрүүгө басым жасоодо. Кыргызстан ЖККУнун ишине активдүү катыша баштады, Канттагы  авиабаза күчтөнүп жатат. Үчүнчүдөн, Жээнбеков коррупция менен системалуу күрөшүп жатат. Биринчи мен Жээнбеков бул күрөштү өзүнүн жеке бийлигин чыңдоо үчүн жасап жатат деп ойлогом, эми болсо ал мунун баарын мамлекетти чыңдоо үчүн жасап жатканы шек жаратпай калды. Ал коррупцияны жеңмейинче экономиканы ыргаалдуу өнүктүрүүгө болбойт деп эсептейт.

Мисалы, эки премьер-министр, бир нече министрлер, депутаттар, чиновниктер, энергетикалык компаниялардын топ-менеджерлери  жана башкалар соттолуп жатышат. Алар Бишкек ЖЭБин модернизациялоого алынган 400 млн доллардык кытай инвестициясын уурдап-тоноо боюнча схемаларды уюштургандыгы үчүн айыпталып жатышат. Жадагалса кычкачтын бирөөсүн 600 доллардан сатып алышыптыр.  Модернизациядан кийин биринчи эле кышта баары бузулду. Биз ЖЭБди 1990-жылдары оңдогон болчубуз, россиянын өтө күчтүү трубогенераторун орнотуп жана Бишкектин бүтүндөй жылуулук тармагын толук жаңыртып чыкканбыз. Ошонун баарына 100 млн доллар эле кеткен. Биздин эмгегибиздин жыйынтыгы Бишкектин тургундарын 20 жыл жылытып келди.

-Кандай ойлойсуз, Атамбаев ЖЭБ иши боюнча соттолобу?

-Мен Атамбаев соттолоруна толук ишенем. Азыр анын жоро-жолдошторунун баары соттолуп жатышат.  Алар Атамбаевдин ишаратысыз андай иштерди жасай албайт эле, эми ага да жооп берүүгө кезек келет. Азыр ал президенттик кол тийбестикке жамынып алып эле аман калып олтурат, бирок бул көйгөйдү парламентте талкуулашууда. Атамбаев Кыргызстанга өтө чоң  зыян алып келди.

“Московский комсомолец” басылмасынан кыскартып кыргызчалаган KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 11 = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: