Эртең, 15-майда, шаршемби күнү Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы Борбордук стадиондо кечки саат 20.00дө Азия футбол конфедерациясынын (АФК) 2019-жылдагы Кубогунун тайпалык баскычынын мыктыларды тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстандын көп жолку чемпиону “Дордой” футбол командасы Тажикстандын чемпиону “Истиклол” менен беттешет. Бул тажикстандык команда АФК кубогунда эки ирет финалдык топто ойногон. Быйыл да учурда 7 упай топтоо менен “Д” тайпасында жогорку тизмеде турат.
Футбол күйөрмандарына эскерте кетсек, буга чейин эки команда Тажикстанда күч сынашып, “Дордой” футбол клубу 1:4 эсебинде утулуп, жеңилүү ызасын тартып калган.
Учурда бир беттеши тең чыгып, эки оюнда жеңилген “Дордой” бир упай менен өзүнүн тайпасында акыркы орунда турат.
Бул ирет өз таласында “Дордой” командасы күйөрмандарынын үмүтүн актай алаар бекен? Бирок быйыл АФК Кубогунун финалдык таймашууларына чыгышы күмөн болуп калды.
15-майда өтө турган 4-турдун беттешүүлөрүнүн жадыбалы
19:30 «Алтын-Асыр» (Түркмөнстан) – «Худжанд» (Тажикстан)
20:00 «Дордой» (Кыргызстан) – «Истиклол» (Тажикстан)
Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ