Жакында эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын 8 кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталгандан кийин, бардык кызматкерлер илдетке карата анализ тапшырышты.
Алардын жыйынтыгы боюнча дагы 9 кызматкерден, анын ичинде Аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиевден дагы коронавирус инфекциясы бар экени тастыкталды.
Бүгүнкү күндө Президенттик Аппараттын илдетке чалдыккан кызматкерлеринин жалпы саны 17 болду.
Алардын баары үй шартында обочолонуп, медиктердин кеп-кеңештерин алып жатышат жана алыстатылган тартипте иштерин улантышууда. Оорунун белгилери ар кимде ар түрдүү өтүүдө, абалдары канааттандырарлык.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ