Бүгүн, 9-октябрда Ала-Тоо аянтындагы башаламандыкта Алмазбек Атамбаев отурган унаага аскердик ок атылган. Бул тууралуу Атамбаевдин тарапташы Кундуз Жолдубаева Facebook социалдык тармагына жарыялаган видеотасмада айтылат.
Ал экс-президенттин өмүрүнө кол салуу болгонун белгиледи. Анын унаасына бир нече ок тийген.
Ок атылган кезде унаанын ичинде Алмазбек Атамбаев болгон. Ал азыр аман-эсен. Атамбаев унаасы брондолгонун айтып, “жөнөкөй желим ок аны тешип өтө алабы?” деп суроо салат.
Анын жансакчысы Канат Сагымбаев унаага согуштук ок менен атылганын айтып, желим ок менен кийимди да тешүүгө болбой турганын белгиледи.
https://www.facebook.com/kunduz.zholdubaeva/videos/381627603203341/
https://twitter.com/AH642BC/status/1314554420450004993?s=20&fbclid=IwAR3-_nGKvsvvuHa8DcoO0MwBUpzwPKVgY_VtPXH7wx6uD8kwbQeyUAAhucg
Белгилей кетсек, бүгүн Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабанов, жана алардын тарапташтары “Форумдан” бери жөө келип, Ала-Тоо аянтына чогулуп, митинг өткөрүп жаткан. Ал кезде эски аянтка чогулган Садыр Жапаровдун колдоочулары борбордук аянтка келишип, ортодо башаламандык орун алып, таш ыргытылып, ызы-чуу чыкты. Жаш саясатчы Тилек Токтогазиев жана Темир Сариевдин жансакчысы жаракат алды. Ошондой эле, Алмазбек Атамбаев отурган унаага ок атылганы белгилүү болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ