Menu

Бактыбек Калмаматов, президенттикке талапкер: “Токойдон 20 маймыл чыгып алып эле, мамлекетти башкарып жаткандай болуп жатат”

Бөлүшүү:

Кечээ, 28-декабрда КТРКда президенттикке талапкерлердин теледебаты башталып, биринчи турда Канатбек Исаев, Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов, Бактыбек Калмаматов жана Каныбек Иманалиев катышты.

Президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев атаандаштарына “Садыр Жапаров президенттин м.а. 230 адамды абактан бошотту, сотторду дайындады. Буга укугу бар беле? Анын фондун кытай улутундагы адам каржылап жатат. Бул биздин ички ишке кийлигишүү эмеспи?” деген суроо узатты.

Бактыбек Калмаматовдун айтымында, бир адамдын айынан президенттик шайлоо легитимсиз болот.

“Ал адамдын утуп чыгышы мамлекетти абсолюттук түрдө туңгүюкка алып барат. Бизди дүйнө тааныбай коёт. Биз дүйнөдөн бекинип алып, билгенибизди кыла беребиз деген болбойт. Мындай таш доорунда да болгон эмес. Токойдон 20 маймыл чыгып алып эле, мамлекетти башкарып жаткандай болуп жатпайбы. Өлкөдө мыйзам болушу керек. Мен бир нерсеге эле токтолоюнчу. УКМК Жогорку соттун төрайымына карата кысым көрсөтүп жатат. УКМКнын төрагасы Камчыбек Кыдыршаевичтин отурганы өзү мыйзамсыз. Мыйзам боюнча, убактылуу президент УКМКнын башчысын дайындай албайт. Өлкөдө абсолюттук мыйзамсыздык жүрүп жатат. Бизде мыйзам жок, түшүнүктөр менен жашап жатабыз. Бизге караганда “каралар” адилеттүү жашап жатышат. Биз ушундан уялышыбыз керек”, – деди Калмаматов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: