Кыргызстандын абактарында 800дөн ашуун видеокөзөмөлдөөчү камералар орнотулду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Аскат Эгембердиев “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.
«Ушунун аркасында биз абалды онлайн режиминде көзөмөлдөй алабыз. Эгерде кандайдыр бир тартип бузуулар болсо, анда тез арада чаралар көрүлөт», – деди ал.
Эгембердиев мониторинг борбору маанилүү жетишкендик экендигин айтты. «Пандемияда биз сот отурумдарын онлайн режиминде өткөрүп жатабыз», – деди Эгембердиев.
Ошондой эле, анын айтымында, быйыл 4,5 миң сот отуруму онлайн режиминде өттү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ