Menu

Мухтар Аблязов Орусияда 15 жылга сыртынан соттолду

Бөлүшүү:

БТА Банктын директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы Мухтар Аблязов

Москванын Таган райондук соту дээрлик 60 миллиард рубль (800 миллион доллардан ашык) уурдоо иши боюнча БТА Банктын директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы, казакстандык оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязовду сыртынан 15 жылга кести.

Бул тууралуу «Настоящее Время» телеканалы Орусиянын Башкы прокуратурасынын telegram-каналына шилтеме кылып билдирди.

Аблязовго жана бул иште айыпталуучу катары өтүп жаткан дагы бир нече кишиге алдамчылык, кылмыштуу жол менен табылган мүлктү легалдаштыруу жана уюшкан топ аркылуу өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирүү айыптары тагылган.

Сот банкка келтирилген 173 миллиард рублдик (2,3 миллиард доллар) мүлктүк зыянды өндүрүп берүү тууралуу жарандык доо арызды толугу менен канааттандырды. Бул үчүн Аблязовдун жер тилкелери, оффшор компаниялардагы акциялары жана эсептери камакка алынды.

Тергөөнүн версиясына ылайык, Аблязов менен башка айыпталуучулар 2006-2009-жылдары БТА Банктан 58 миллиард рублден ашык (786 миллион доллар) каражатты уурдашкан. Бул кылмыш карыз акчага сатып алынган жер тилкелерин күрөөгө алып, насыя берүү аркылуу ишке ашырылган. Кийин бул боюнча ипотека келишимдери мыйзамсыз токтотулуп, жыйынтыгында банк күрөөгө коюлган мүлктү алуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жууган.

Аблязов 2017-жылы ушундай эле айыптоолор менен мекенинде 20 жылга эркинен ажыратылган. Мындан тышкары Казакстанда ага каршы 2018-жылы дагы бир сот өкүмү чыккан. Анда мурдагы банкир 2004-жылы бизнес-өнөктөшү Ержан Татишевди өлтүрүүнү уюштурууга күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган.

2009-жылдан бери Европада жашап, Казакстандын бийлигин сындап жүргөн Аблязов бардык айыптоолорду четке кагып, алар саясий негиздер менен козголгонун айтып келет. Ал акыркы үч жылдан бери интернет аркылуу өзү негиздеген «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын ишмердүүлүгүн жана өлкөдөгү нааразылык митингдерди координациялап жүрөт. 2018-жылы Казакстанда сот бул кыймылды экстремисттик уюм деп таап, анын өлкөдөгү ишмердүүлүнүнө тыюу салган.

2020-жылы сентябрда Франция Аблязовго саясий башпаанек берген. Ага чейин Париж саясатчыны Орусияга, Казакстанга жана Украинага (Аблязову Киев да акча уурдоого айыптап келет) өткөрүп берүүдөн баш тарткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: