Menu

Депутат Сагындык Келдибаевдин бир тууганы пара алып жаткан жеринен кармалды

Бөлүшүү:

Пара талап кылуу фактысы боюнча бажы кызматкери кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 29-декабрда УКМК ККК пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, КР Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын (ТББ) бажылык жол-жоболоштуруу тобунун 1972-ж.т. башкы инспектору 1000 доллар өлчөмүндөгү акча каржатын алып жаткан жеринен кармалган.

Такталгандай, К.М.А. Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жүк ташуучу транспорт каражаттарын транзиттик жол менен өткөрүү үчүн жеке ишкерден акча каржатын талап кылган.

Кармалган К.М.А. КР ЖК депутаты С.А.Келдибаевдин бир тууганы.

Азыркы учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: