Menu

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков: Экономикалык реформалар боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча топтордун сапаттуу жана ыкчам ишин камсыздоо зарыл

Бөлүшүү:

Экономикалык реформалар боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча топтордун сапаттуу жана ыкчам ишин камсыздоо зарыл. Бул туурасында КРнын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Өкмөткө караштуу Экономикалык реформалар боюнча кеңештин кезектеги жыйынында билдиргенин бүгүн, 30-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Артем Новиков белгилегендей, экономикалык реформалар жаңы кадамдарды талап кылат.

«Эски принциптер боюнча иш алып баруу – бул алга жылуусуз, бир орунда туруу. Жумушчу топтор аркылуу иштелип чыккан концепциялар Кеңеш тарабынан бекитилген соң ырааттуу ишке ашырылышы керек, бул өз кезегинде экономикада жана социалдык тармактагы натыйжаларга жетишүүгө алып келет», – деди Артем Новиков.

Кеңештин үчүнчү жыйынынын жүрүшүндө Курулуш тармагындагы ашыкча административдик тоскоолдуктарды жоюу боюнча концепциянын долбоору, Жергиликтүү деңгээлде бизнести колдоого алуунун дем берүүчү механизмдерин түзүү жана тийиштүү инфраструктураны өнүктүрүү боюнча концепциянын долбоору, Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жерлерди трансформациялоо процедураларын жөнөкөйлөтүү жана кыскартуу боюнча концепциянын долбоору жана Электр энергиясынын ачык рыногун түзүү боюнча концепциянын иштелип чыккан долбоорлору  каралды.

Талкуу жыйынтыгы боюнча, киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен Курулуш тармагындагы ашыкча административдик тоскоолдуктарды жоюу боюнча концепциянын долбоору жана Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана өнөр жай ишканаларын өнүктүрүү үчүн жерлерди трансформациялоо процедураларын жөнөкөйлөтүү жана кыскартуу боюнча концепциянын долбоору жактырылды.

Мындан тышкары, талкуу жыйынтыгын эске алуу менен, калган концепция долбоорлорун 2021-жылдын 12-январында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык реформалар боюнча кеңештин кезектеги жыйынында кароо үчүн толуктап иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Артем Новиков Экономикалык реформалар боюнча кеңештин мүчөлөрүнө жана кеңешменин катышуучуларынын аткарган ишине ыраазычылык билдирип, Кеңеш мындан ары карай да туруктуу өнүгүү маселелерин ар тараптан талкуулоо, ошондой эле өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү стратегиялык чнчимдерди кабыл алуу үчүн натыйжалуу жана ачык аянтча катары ишин улантаарына ишеним билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: