Menu

Бишкекте абанын булганышынын негизги себеби аталды

Бөлүшүү:

“Абанын булганышынын негизги себеби – бул көмүр”, – деп билдирди бүгүн, 30-декабрда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында.

“Эгерде биз көмүрдүн колдонулушун токтотсок, анда абанын булганычын азайтабыз, ошондо бардыгы оңдолот. Бишкекте жай мезгилинде аба дээрлик булганбайт, ал эми кышкысын абаны булгоо боюнча көмүр биринчи орунда, унаалар экинчи орунда турат”, – деди Түлөбаев.

Ал жаңы конуштарды, мектептерди жана шаардык отканаларды газ менен жылытууга өткөрүү керектигин белгиледи.

Түлөбаев ошондой эле адамдардын, автоунаалардын санынын көбөйүшү, ошондой эле экологиялык өзгөрүүлөр да кара түтүнгө (смог) себепчи болуп жатканын айтты.

«ЖЭБ боюнча так айта албайм, аны текшерүү керек. Бирок көмүр негизги себептердин бири деп айта алам “, – деп кошумчалады Түлөбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: