Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын аягында Ак үйдөгү президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Данияр Сыдыков октябрь айындагы башаламандык учурунда өзүнүн иш бөлмөсүнөн ММА мушкери Азиз Сатыбалдиевдин чемпиондук курлары жоголуп кеткенин айтып, аларды кайтарып берүүнү суранган.
Кечээ, 30-декабрда Данияр Сыдыков жоголгон чемпиондук курлардын бири кайтарылганын Instagram социалдык тармагындагы баракчасына жарыялады.
“Азиз экөөбүз жардамыңар жана колдооңор үчүн баарыңарга ыраазычылыгыбызды билдиребиз! Биздин өтүнүчүбүз четке кагылган жок. Биз кубаныч менен жарыялайбыз: бир чемпиондук кур кайтарылды. Дагы эки кур өз баатырын табат деп ишенебиз!
Жакында Азиз UFCдеги дебюттук беттешин пландаштырууда. Чемпиондорду чогуу колдойбуз! “- деп жазган экс-чиновник.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ