Menu

Казакстанда активисттер бийликтен шайлоо мөөнөтүн жылдырууну сурашууда

Бөлүшүү:

Казакстанда шайлоого саналуу күн калганда «Эл мен жер», коомдук кыймылы, «Калк бийлиги» биримдиги менен бир нече активист президенттин администрациясына, Конституциялык кеңешке жана мажилиске кат жолдошту.

Алар шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну, адегенде шайлоо, саясий партиялар, тынч жыйындар жөнүндө мыйзамды өзгөртүп, аларды демократиялык стандарттарга шайкеш келтирүүнү сурашты.

– Адамдын шайлоо жана шайлануу укугу, сөз эркиндиги, ой эркиндиги, партия менен коомдук биримдик түзүү, тынч жыйынга чогулуу укугу бар го, ошолордун сакталышын талап кылып жатабыз, – деди активист Жанат Нуркишев.

15 жумуш күнү ичинде карала турган бул талап дарегине жеткенче, шайлоо мөөнөтү келип каларын кат авторлору түшүнүп турушат. Бирок бийлик аны кеч болсо да талкуулайт деп үмүттөнүшүүдө.

Казакстанда мажилис менен маслихат депутаттарын шайлоо 10-январга белгиленген. Ага расмий түрдө каттоодон өткөн беш партия: мурдагы президент Нурсултан Назарбаев жетектеген «Нур Отан», бийликчил деп саналган «Ак жол», «Адал», «Ауыл» жана Казакстандын элдик партиясы катышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: